"Тиш жасайсыңбы?" деп таң калгандар көп. Самбо боюнча дүйнө чемпиону менен маек

© Sputnik / Жоомарт УраимовЧемпион мира по боевому самбо Раимкул Бекназар уулу
Чемпион мира по боевому самбо Раимкул Бекназар уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылы спорт дүйнөсү жаңы жылдызга ээ болду десек болот. Ал бир жыл ичинде күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпиону, Азия оюндарынын алтын медаль ээси, дүйнө чемпиону аталган — Бекназар Раимкул уулу.

Бекназар спортто гана ийгилик жаратпастан, күн сайын бейтапканада кардарларга тиш жасап берүү менен алкыш алып келет.

Дүйнө чемпионунун катаал жана кызыктуу жолун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган маектен окуңуздар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСамбочу Бекназар Раимкул уулу "Sports Awards-2018" версиясы боюнча олимпиадалык эмес спорт түрүнөн "Жылдын мыкты спортчусу" аталган
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Самбочу Бекназар Раимкул уулу "Sports Awards-2018" версиясы боюнча олимпиадалык эмес спорт түрүнөн "Жылдын мыкты спортчусу" аталган

Машыгуу залына чемпион болом деп барган эмесмин

Автор проекта Sports Awards Динара Орозбаева - Sputnik Кыргызстан
Динара Орозбаева: спортчулар — бүгүнкү күндүн баатыры
Спортко бала кезимен бери кызыгам. Окуучулук кезде мектептин волейбол боюнча курама командасында, андан кийин футбол боюнча райондук курама командасында ойнодум. Мен төрөлүп өскөн Кара-Кулжа районунун Совет айылында жеке кармаштар боюнча атайын машыгуу залдары жок болчу. Ошол себептен 2009-жылы мектепти аяктагандан кийин агам Жеңиш Алымкуловдун сунушу менен Ош шаарындагы "Мухаммед-Умар" спорт клубунда дзюдо боюнча Бакыт Жусупов агайдын колунда тарбиялана баштадым. Ал кезде мен Ош шаарындагы мамлекеттик медициналык колледжинде билим алчумун.

Чынын айтсам башында дзюдо менен ден соолук үчүн эле машыгып жүрдүм. Бир жылдан кийин Ош шаарынын дзюдо боюнча биринчилигинде күч сынашып үчүнчү орунду алып калдым. Ошондо алгачкы жолу моюнума медаль тагылды. Медалдын таасириби, билбейм, мындан ары да мелдештерде күч сынашып спортчу болом деген ой пайда болду. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовДүйнө чемпиону Бекназар: спортко бала кезимен бери кызыгам. Окуучулук кезде мектептин волейбол боюнча курама командасында, андан кийин футбол боюнча райондук курама командасында ойнодум
Чемпион мира по боевому самбо Раимкул Бекназар уулу - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө чемпиону Бекназар: спортко бала кезимен бери кызыгам. Окуучулук кезде мектептин волейбол боюнча курама командасында, андан кийин футбол боюнча райондук курама командасында ойнодум

Эски жыл жемиштүү болду

Дзюдо боюнча жаштар жана чоңдор арасында КРдин биринчилинде, республикалык универсиадада, спартакиадада алдыңкы орундарды алып жүрдүм. 2015-жылы самбо боюнча КРдин биринчилигинде коло медаль тагындым. 2016-жылы бутуман жаракат алгандыгыма байланыштуу мелдештерге катыша алган жокмун.

Спортсменка по алышу (классический стиль) Алтынай Мамарасул кызы - Sputnik Кыргызстан
Балбан кыз Алтынай: атаандашымдын акырегин сындырып коюп, ооруканага барып жүрдүм
2017-жылы Бишкекте өткөн самбо боюнча Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган турнирде биринчи орунду алдым. Ошондо КРдин биринчилигин багындырам деп максат койгом. Бирок финалда бир залда машыккан дос балам менен туш келип калып, орунду ага бердим. Себеби ал спорт чеберине талапкер эле. Беттешти утуп спорт чебери наамын алды.

Андан соң алгачкы жолу чет мамлекеттеги турнирге бардым. Болгондо да Азия чемпионатына барып алтын тагындым. Мелдеш Ташкент шаарында өттү.

Дагы бир жагымдуу учур. Төрт жылда бир өтө турчу Азия оюндарында алтын тагындым. Бирок жеңиш мага оңой менен келген жок. Беттештин финалында атаандашым башка тээп салгандыктан көңүлүм айнып, өзүмдү начар сездим. Азыркыга чейин дарыланып жатам.

Анан эле жыл аягында Сочи шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону аталдым.

Тиш устасы-самбочу болуп жүрөм

Кесибим спорто дал келбейт. Ош шаардык №1 стоматологиялык бейтапканасында тиш устасы болуп иштейм. Иш убактым 8:30дан 17:00гө чейин. Андан кийин кечки саат сегизге чейин машыгам. Мен үчүн биринчи кезекте жумуш, андан кийин спорт. Ишим көп болуп кеткенде машыгууларым калып кетет. 

© Фото / Нияз ЯйлаевСамбочу: кесибим спорто дал келбейт. Ош шаардык №1 стоматологиялык бейтапканасында тиш устасы болуп иштейм.
Чемпион мира по боевому самбо Раимкул Бекназар уулу - Sputnik Кыргызстан
Самбочу: кесибим спорто дал келбейт. Ош шаардык №1 стоматологиялык бейтапканасында тиш устасы болуп иштейм.

Мени көчөдөн спортчу катары эле таанышат. Анан бейтапканага келгенде башыма чепчигимди, жонума ак халатымды кийип чыкканда таң калышат. "Сен тиш сала аласыңбы, чын эле дарыгерсиңби" дегендер бар. Анткени айрымдар спортчулар тууралуу криминалдар менен иш алып барат, көчөдө мушташат деген пикирде экен. Медицина кызматкери болом деп атайын төрт жыл билим алдым.

Мурда эл көп деле билчү эмес. Азия чемпионатын, дүйнө биринчилигин багындыргандан кийин ЖМКларга берген маектеримден улам таанып калышты. 

© Фото / Нияз ЯйлаевБекназар: мени көчөдөн спортчу катары эле таанышат. Анан бейтапканага келгенде башыма чепчигимди, жонума ак халатымды кийип чыкканда таң калышат. "Сен тиш сала аласыңбы, чын эле дарыгерсиңби" дегендер бар
Чемпион мира по боевому самбо Раимкул Бекназар уулу - Sputnik Кыргызстан
Бекназар: мени көчөдөн спортчу катары эле таанышат. Анан бейтапканага келгенде башыма чепчигимди, жонума ак халатымды кийип чыкканда таң калышат. "Сен тиш сала аласыңбы, чын эле дарыгерсиңби" дегендер бар

Ата-энем мурда каршы эле, азыр спортчу болгонумду колдошот

Атам Райымкул Айтиев жол кызматкери, апам Рыскүл Азимбекова райондук ооруканада медайым болуп эмгектенет. Беш бир туугандын улуусумун. Менден кийин эки иним, эки карындашым бар. 

Негизи ата-энем мелдештерге чыгып жүргөндө каршы болуп жүрдү. Маектин башында айтып өткөндөй 2014-жылга чейин чоң ийгилик жарата алган эмесмин. 2017-жылы Азия чемпионатына бараарда ата-энемди сарсанаа кылбайын деп, кабар бербей кетип калгам. Чемпион болуп келгенден кийин ЖМКларга чыга баштаганда уулу менен сыймыктанышты окшойт, каршылык көрсөтпөй калышты. Ашхабаддагы Азия оюндарына жөнөп жатканда батасын берип узатышты. Азыр айылда турушат да. Сени эстегенде интернеттен беттештериңди көрүп турабыз деп калышат. 

© Фото / предоставлено Раимкулом Бекназар уулуСамбо боюнча дүйнө чемпиону Бекназар Раимкул уулу: үй-бүлөм азыр айылда турушат да. "Сени эстегенде интернеттен беттештериңди көрүп турабыз" деп калышат.
Чемпион мира по боевому самбо Раимкул Бекназар уулу - Sputnik Кыргызстан
Самбо боюнча дүйнө чемпиону Бекназар Раимкул уулу: үй-бүлөм азыр айылда турушат да. "Сени эстегенде интернеттен беттештериңди көрүп турабыз" деп калышат.

Азыркы жашоомо шүгүр дейм 

Студенттик жашоонун кыйынчылыгын жакшы эле тарттым. Окуу жайда эртеден баштап 16:30га чейин окучубуз. Сабактар дагы оор эле. Дарыгер болом деп китепканадан баш көтөрүлчү эмес. Анан кечинде машыгууга барышым керек болчу.

Алай каймана аты менен таанымал мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Бусурманкул: спорттон сырткары ыр жазып, обон созом
Негизи машыгууга эки саат калганда тамак ичип алыш керек. Менде андай мүмкүнчүлүк болгон жок. Үйдөгүлөр айына бир жолу миң сом салчу. Үйдөгүлөрдү убара кылбайын деп кафелерде күзөтчү болуп иштеп жүрдүм.

Бир жолу окуудан чыгып залга баратсам троллейбус бузулуп калды. Анда жол кире төрт сом болчу. Айдоочуга жол киремди берип койгон болчумун. Үйдөн ченеп эле акча алып чыкчубуз. Жашпыз да, кайра сурай алган жокмун. Ошентип залга жете албай орто жолдо сумкаларым менен калып, жаанда үйгө жөө басып бир саатта жеткем.

Алгачкы жолу айлыгымды алганда маңдайым жарыла сүйүнүп ата-энеме алып баргам. Андагы 1500 сом чоң акча көрүнчү. Азыр кесибим менен көп айлык алам деп айтпайм. Бирок Кудайга шүгүр. 

© Фото / Раимкул Бекназар уулуБекназар: беш бир туугандын улуусумун. Менден кийин эки иним, эки карындашым бар
Чемпион мира по боевому самбо Раимкул Бекназар уулу - Sputnik Кыргызстан
Бекназар: беш бир туугандын улуусумун. Менден кийин эки иним, эки карындашым бар

Ден соолук барда мелдештерге катыша берем

Мен аркалаган күжүрмөн самбо олимпиадалык эмес спорттун түрү болгондуктан, жеткен чеги эле дүйнө биринчилиги. Бирок жыл сайын ар башка мамлекетте өткөрүлгөнүктөн деңгээлди да ар кандай болот. Ден соолук барда көп мелдештерге катышкым келет. Мүмкүнчүлүк болгондо спорт клуб ачып, жаштарды тарбияласам дейм. Буюрса тиш устасы боюнча да билимимди жогорулатам.

Жаңылыктар түрмөгү
0