Шевченко каршылашынын сазайын берип, Кыргызстандын желегин желбиретти. Видео

© AP Photo / Nam Y. HuhТайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко
Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
UFC АКШдан тыш 2018-жылдын эсеби менен биринчи жолу турнир өткөрүп жатат. Бразилиянын түндүк аймагындагы шаар туристтерди көбүрөөк тартуу үчүн тандалган.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Валентина Шевченко Бразилияда өткөн UFC Fight Night 125 турниринин алкагында каршылашы Присцила Кечоейра менен беттешип жеңишке жетишти.

​Шевченко биринчи раундда эле каршылашына 70ден ашык сокку урууга жетишип, Кечоейранын бетин кан жалатты. Ал эми экинчи раундда Шевченко Кечоейраны 100дөн ашык жолу муштаса, каршылашы бир гана сокку урууга жетишти. Акыры муунтуу ыкмасы менен жеңишке жетишти. UFC уюмунун чыгарган жыйынтыгына караганда, жалпысынан эки раундда Шевченко 230 сокку урган. Ал эми Кечоейра болсо болгону 3 жолу муштап калууга үлгүргөн. 

​Валентина Шевченко тууралуу 10 фактыны Sputnik Кыргызстан агентигинин материалынан окуңуздар>>

​Беттештин кандай өткөнүн тексттик трансляциядан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0