UFC президенти Шевченко менен Кечоейранын беттешин тейлеген калысты сындады

© AFP / Stephan SavoiaПрезидент Абсолютного бойцовского чемпионата (UFC) Дана Уайт
Президент Абсолютного бойцовского чемпионата (UFC) Дана Уайт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көрүүчүлөр жана социалдык тармактын колдонуучулары беттеш "өтө таш боордук" менен өткөндүгүн айтып чыгышкан

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Абсолюттук мушкердик чемпионаттын президенти (UFC) Дана Уайт Валентина Шевченко менен бразилиялык Присцила Кечоейранын беттешине калыстык кылган рефери Марио Ямасакини сындап чыкты. Бул тууралуу эрежесиз эр уруш боюнча Sherdog маалымат порталы кабарлады.

Бой Валентины Шевченко с Амандой Нуньес в Лас-Вегасе - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко атаандашынын айласын кетирди. Видео
UFC Fight Night 125 беттеши бразилиянын Белем шаарында өттү. Кыргызстандык мушкер 57 килограммга чейинки жаңы жеңил салмак категориясында биринчи беттешине чыккан. Анын атаандашы Присцила Кечоейра октагондо биринчи жолу беттешти. Шевченко экинчи раундда каршылашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.

Беттешти көрүүчүлөр жана социалдык тармактын колдонуучулары "өтө таш боордук" менен өткөндүгүн айтып, калыстарды мындай кан жалаткан мушташтарды болтурбоого чакырышты.

Аталган мушкердик уюмдун президенти дагы рефери Марио Ямасакиге карата чара көрүү керектигин билдирди.

"Присцила Кечоейра, сиз бул салгылашууда өзүңүздүн күчтүүлүгүңүздү жана баатырдыгыңызды көрсөттүңүз. UFC беттешине чыгып жатканыңыз мен үчүн сыймык. Рефери сизди коргошу керек болчу, а Марио аны кылган жок. Бул анын биринчи жолку жоругу эмес. Бирок тилекке каршы менин колуман эч нерсе келбейт. Себеби чечимди Бразилиянын комиссиясы гана кабыл алат. Бүгүнкү көрүнүштөн кийин ал такыр октагонго кирбей калат деп үмүт артам", — деп Уайт Instagram баракчасына жазып чыкты.

 

 

Sherdog порталы белгилегендей, эгер мушкердик чемпионаттын президенти Дана Уайттын арызы каралса, Ямакаси Ultimate Fighting Championship турниринин калыстыгынан дагы кетиши мүмкүн.

Беттештин тексттик трансляциясын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0