Эгемен Кыргызстандын спортчулары кышкы Олимпиададан эмне менен кайткан. Тизме

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүЦеремония открытия XXII зимних Олимпийских игр
Церемония открытия XXII зимних Олимпийских игр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саналуу күндөрдөн кийин 9-февралда Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында башталчу кышкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын эки спортчу Тариэль Жаркынбаев менен Евгений Тимофеев коргойт.

Кыргызстан эгемен болгону 1994-жылдан бери кышкы олимпиадалык оюндарга бирин-экин спортчулар катышып келатканы менен ийгилик жарата элек. Өлкө атынан ушуга чейин кышкы оюндарга кимдер катышып, кандай орун алганын спорттук баяндамачы Кабыл Макешов айтып бермекчи.

Лиллехаммер-1994

Лыжачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кышы сонун кыргызда кышкы спорт неге өнүкпөйт?
Кыргыз Республикасынын туусу алгач ирет 1994-жылы Лилехамер шаарындагы кышкы олимпиадалык оюндарында көтөрүлүп, эгемен мамлекет катары биринчи жолу дүйнөлүк иш-чарага катышкан. Улуттук олимпиадалык чакан команданы УОКтун ошол учурдагы президенти Эшим Кутманалиев баштап барган. Кыргызстандын алгачкы кышкы олимпиадачысы, биатлончу айым Евгения Роппель болуп саналат. Жердиги россиялык спортчу кыз-келиндердин 7,5 чакырым аралыктагы спринт жана 15 чакырым аралыктагы жеке таймаштарына катышып, 66-67-орундар менен чектелген.

Нагано-1998

Экинчи ирет өлкө желеги 1998-жылы Япониянын Нагано шаарындагы кышкы олимпиадалык оюндарында желбиреди. Бул ирет дагы кыргызстандык делагацияны УОКтун ошол учурдагы президенти Эшим Кутманалиев жетектеп барган. Кыргызстандын атынан жердиги россиялык биатлончу Александр Тропников катышкан. Ал биатлон боюнча 10 чакырым аралыктагы спринт жана 20 чакырымдык жеке таймаштарына катышып, 36 жана 65-орундарга жеткен. Бул саамалык Кыргызстанда кышкы спортко көңүл буруу керектигин көрсөткөн.

Солт-Лейк-Сити-2002

Горнолыжная база в Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан
Лыжа спорту боюнча машыктыруучу Борисов: Олимпиадага жакшы даярдана албай калдык
Кыргызстандын чакан делегациясы үчүнчү ирет 2002-жылы АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында өткөн кышкы олимпиадалык оюндарга катышты. Бул ирет дагы аны Эшим Кутманалиев баштап барып, мында эки спортчу мөрөй талашты. Кыргызстандын атынан россиялык биатлончу Александр Тропников жана лыжа менен трамплинден секирген казакстандык Дмитрий Чвыков катышкан. Александр биатлон боюнча 10 чакырым аралыктагы спринт жана 20 чакырым аралыктагы жеке таймаштарына катышып, 73 жана 77-орун алган. Ал эми лыжа менен трамплинден секирген Чвыков чоң трамплинден 39-орунга жетсе, орто трамплинде 41-орунду ээлеген. Кыргызстандык спорт журналисттерден алгач ирет кышкы олимпиадалык оюндарды спорттук баяндамачы Кабыл Макешов жеринен түз алып чагылдырып турган.

Турин-2006

Кыргызстандан алгач ирет тоо лыжа боюнча спорт чебери Иван Борисов катышкан. Оюндар 2006-жылы Италиянын Турин шаарында өткөн. Борисов тоо лыжанын гигант слалом мелдешинде марага 41-болуп келген. Андан кийинки олимпиадалык оюндарда машыктыруучу болуп, жаш спортчуларды тарбиялап, тажрыйбасын бөлүшкөн.

Ванкувер-2010

Өлкөнүн чакан делегациясы төртүнчү ирет 2010-жылы Канаданын Ванкувер шаарында өткөн кышкы олимпиадалык оюндарга катышты. Бул ирет аны УОКтун ошол учурдагы президенти Мурат Саралинов баштап барып, команданын шеф-демиссиону Саламат Эргешов болгон. Мында эки спортчу тоо лыжачы Дмитрий Трелевский жана лыжа жарыштарына катышкан Ольга Решетникова мөрөй талашкан. Ольга классикалык спринт лыжа жарышына катышып, 54-орун менен чектелсе, Дмитрий тоо лыжасынын гигант слалом мелдешинде марага 76-болуп келген. Анын көрсөткүчү —3:08.01 болуп саналат. Ал эми слалом мелдешинде марага жетпей калган.

Сочи-2014

Россиянын Сочи шаарында өткөн кышкы олимпиадалык оюндарга барган делегацияны УОКтун ошол учурдагы президенти Мурат Саралинов жана башкы катчысы Канат Аманкулов баштап барып, команданын шеф-демиссиону Саламат Эргешов болду. Мында бир спортчу гана тоо лыжасы боюнча күч сынашты.

Лыжачылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Швейцариялыктар кыргызстандык гиддерге лыжа мектебин ачууну үйрөттү
Алгач Сочи олимпиадасынын ачылыш аземинде кыргыз туусун тоо лыжачы Дмитрий Трелевский көтөрүп чыккан. Тилекке каршы, машыгуу учурунда жаракат алып, бутун кокустатып алган. УОКтун жетекчилеринин өтүнүчү менен Эл аралык лыжа федерациясы жана Сочи олимпиадасынын уюштуруу комитети анын ордуна тоо лыжачы Евгений Тимофеевди катыштыруу боюнча чечим кабыл алган. Жаштыгына карабай Тимофеев слалом мелдешинде марага 43-болуп келсе, гигант слалом мелдешинде 61-орунду ээлеген.

Эске сала кетсек, быйыл 2018-жылы кышкы оюндарды Түштүк Корея өлкөсү кабыл алаганы турса, 2022-жылкы кышкы Олимпиада Кытайдын борбору Пекинде өтөт.

Түштүк Кореяда өтө турган кышкы Олимпиадага катышчу кыргызстандык спортчулар тийиштүү деңгээлде даярдана албай калгандыгын Лыжа спорту боюнча федерациянын машыктыруучусу Игорь Борисов айтып бергенин бул жерден окуңуздар

Жаңылыктар түрмөгү
0