Роналду мыктыбы же Байматовбу? Дүйнө чемпиону элди күлдүргөн суроого жооп берди

© REUTERS / Susana VeraПортугалиялык футболчу Криштиану Роналду. Архив
Португалиялык футболчу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктарга көрсөтүү үчүн Дүйнө чемпионатынын кубогу алып келинди

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Франциялык айтылуу футболчу, 1998-жылдагы дүйнө чемпиону Кристиан Карамбё "Реал" жылдызы, португалиялык Криштиану Роналду мыктыбы же Кыргызстандын курама командасынын капитаны Азамат Байматовбу деген суроого жооп берди.

Карамбё бүгүн Кыргызстанга дүйнө кубогун алып келгендердин катарында келген. Баса бул кубокко дүйнө чемпиону же турнирди кабыл алган өклөнүн башчысы гана кол тийгизе алат.

Карамбё Бишкекте кубокту көрсөтүп жатып, футбол сүйүүчүлөрдүн биринин суроосуна жооп берди.

"Мыктыны аныкташ оңой эле. Албетте, Азамат мыкты", — деп Карамбё жылмайды.

Сборная Кыргызстана по футзалу - Sputnik Кыргызстан
Футзал боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан Иорданияны жеңди
Бул тур былтыр сентябрь айында Россияда башталган. Кубок дүйнө жүзүндөгү төрт континенттеги 50дөн ашык мамлекетте болуп, 126 миң чакырымды басып өтөт.

Футбол боюнча дүйнө биринчилиги Россияда үстүбүздөгү жылдын июнь айында башталат.

Баса, аталган кубок Кыргызстанга аз-маз тоскоолдуктар менен жетти. Кубокту алып келе жаткан учак бүгүн эртең менен аба ырайынын катаалдыгынан улам "Манас" аба майданына коно албай, Алматыга кетүүгө аргасыз болгон. Ошентип учак бир нече сааттан кийин гана Бишкекке кайра учуп келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0