Өмүрбек Малабеков Россиядагы бокс боюнча эл аралык турнирде ат салышат

© Фото / Александр ШаферКыргызстандык мушкер Өмүрбек Малабеков
Кыргызстандык мушкер Өмүрбек Малабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Профессионалдар арасындагы мелдеш 10-февралда Санкт-Петербург шаарында өтөт

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Өмүрбек Малабеков бокс боюнча эл аралык "Кайра жаралуу" ("Возрождение" — ред.) аталышындагы турнирде күч сынашат. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу өзү билдирди.

Рингден жолугабыз! Дүйнөнү муштуму менен дүңгүрөтүп жаткан боксчулар ким? - Sputnik Кыргызстан
Рингден жолугабыз! Дүйнөнү муштуму менен дүңгүрөтүп жаткан боксчулар ким?
Профессионалдар арасындагы мелдеш 10-февралда Санкт-Петербург шаарында өтөт. Анда Малабеков жергиликтүү мушкер Алексей Шорохов менен кез келет.

КРдин бир нече чемпиону Малабеков 2013-жылы өткөн Азия чемпионатында коло медаль тагынган. Былтыркы жылдан бери профессионалдар арасында күч сынашып, үч ирет жеңишке жеткен.

Эс алуу күндөрү борбордогу Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган кыздар жана балдар арасында бокс боюнча эл аралык турнир өттү. Sputnik редакциясы турнирден муштум түйгөн кыздардын, катар тизилген калыстардын сүрөт топтомун даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0