Футбол чемпионаты учурунда Россия шаарларында КР жарандары үчүн штаб иштейт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүFIFA 2018-жылдагы дүйнө чемпионатынын логотиби. Архив
FIFA 2018-жылдагы дүйнө чемпионатынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Штаб кыргыз жарандарын Россия президентинин 2017-жылы футбол өтө турган шаарлардагы мигранттарды каттоо боюнча чыгарган Жарлыгы менен тааныштырат

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. FIFA 2018-жылдагы дүйнө чемпионатынын учурунда Россияда коопсуздук чараларды күчөтүп жатат. Мындан улам Кыргызстан жарандарынын укуктарын коргоо максатында КРдин Россиядагы элчилигинин алдында атайын штаб түзүлгөнүн алар өздөрү кабарлашты.

Маалыматка караганда, дүйнө чемпионаты Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Казань, Сочи, Нижний Новгород, Самара, Калининград, Екатеринбург, Саранск, Волгоград, Ростов-на-Дону шаарларында өтөт.

"Аталган шаарлардагы штабдарда элчиликтин, ИИМдин, миграциянын жана диаспоралардын өкүлдөрү иштейт. Штабдын эң негизги максаттарынын бири — Кыргызстандын жарандарына дүйнө чемпионатына карата Россия президентинин мигранттарды каттоо боюнча чыгарган Жарлыгынын жоболору менен тааныштыруу", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, элчилик тарабынан тынымсыз байланыш линиясы дагы түзүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0