Олимпиаданын ачылышында кыргызстандыктар басып өттү. Сүрөт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОлимпиада оюдарынын желеги. Архив
Олимпиада оюдарынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-февралда башталган оюндар 25-февралга чейин уланат

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында башталган XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш салтанатынын парадынан Кырызстандын делегациясы өттү.

​​Кыргызстандын желегин биатлончу Тариэль Жаркымбаев көтөрүп чыкты. Өлкө намысын тоо лыжачы Евгений Тимофеев экөө коргойт. 

КР делегациясы алты кишиден — эки спортчу, эки машыгуучу жана Улуттук олимпиада комитетинин эки өкүлүнөн турат. Кыргызстандыктар башына ак калпак жана кызыл күрмө кийип чыгышты.

9-февралда башталган оюндар 25-февралга чейин уланат.

Олимпиадага 95 мамлекеттен 2900 спортчу катышып, күч сынашат.

Кыргызстандык спортчулар кайсы күндөрү күч сынаша турганынын расписаниеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0