Азия чемпионаты 2018: грек-рим күрөшү боюнча КР балбандарынын тизмеси аныкталды

© AFP / MANAN VATSYAYANAГрек-рим күрөшү. Архив
Грек-рим күрөшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күрөш боюнча Азия чемпионаты 27-февралдан 4-мартка чейин борбор калаада өтөт

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын коргой турган балбандардын тизмеси аныкталды.

КРдин күрөш федерациясынын маалыматына ылайык, мелдешке он спортчу катышат. Чемпионат 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкек шаарында өтөт.

Кыргызстандын намысын коргой турган балбандардын тизмеси:

Жоломан Шаршенбеков — 55 килограммга чейин;

Каныбек Жолчубеков — 60 килограммга чейин;

Урмат Аматов — 63 килограммга чейин;

Роман Царев — 67 килограммга чейин;

Акжол Махмудов — 72 килограммга чейин;

Эсен Асанов — 77 килограммга чейин;

Атабек Азисбеков — 82 килограммга чейин;

Азат Бейшебеков — 87 килограммга чейин;

Үзүр Жузупбеков — 97 килограммга чейин;

Мурат Рамонов — 130 килограммга чейин.

Буга чейин кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча балбан Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатына катышпай тургандыгы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0