Кыргызстандык лыжачы Олимпиада оюндарында 46 атаандашынан ашып өттү

© AFP / Dimitar DILKOFFГорнолыжник Евгений Тимофеев во время зимних Олимпийских игр в Пхёнчане
Горнолыжник Евгений Тимофеев  во время зимних Олимпийских игр в Пхёнчане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи жолку жарышта Тимофеев 92-номер менен чыккан. Ал трассаны 1 мүнөт 20,9 секундда багындырып, 72-орунду ээлеген

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Түштүк Кореяда өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык лыжачы Евгений Тимофеев 63-орунду ээледи.

Жалпысынан 110 лыжачы жарышмак, бирок алардын 109гу катышкан. Оюндардын эрежесине ылайык спортчуларга эки мүмкүнчүлүк берилет. Бирок биринчисинде финишке жетпей калгандар, экинчи жолку жарышка катыша албайт.

Участник зимних Олимпийских игр в Южной Корее горнолыжник Евгений Тимофеев - Sputnik Кыргызстан
Кышкы Олимпиадага экинчи ирет катышып жаткан Евгений Тимофеев тууралуу 7 факты
Биринчи жолку жарышта Тимофеев 92-номер менен чыккан. Ал трассаны 1 мүнөт 20,9 секундда багындырып, 72-орунду ээлеген.

Ал эми экинчи жолку жарышта аралыкты 1 мүнөт 20,1 секундда багындырып, 75 спортчунун ичинен 63-болуп келген.

Австриялык лыжачы Марсель Хиршер трассаны 1 мүнөт 8,27 секундда басып өтүп, алтын медалды илип кетти.

Кыргызстандын намысын алыскы Түштүк Кореяда дагы бир спортчу Тариэл Жаркымбаев коргоду. Ал аралыкты 4 мүнөт 5,99 секундда багындырып 78-орунду ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0