Мушкер Тилек Машрапов чемпиондук кур үчүн Америкада күчүн сынайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык мушкер Тилек Машрапов. Архив
Кыргызстандык мушкер Тилек Машрапов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аралаш мушташ боюнча беттеш 24-мартта Колорадо штанынын Денвер шаарында өтөт. Анда Машраповдун атаандашы жергиликтүү мушкер Энтони Адамсон болмокчу.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Тилек Машрапов америкалык "Sparta Combat League" эл аралык турниринин алкагында чемпиондук кур үчүн күч сынашат. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу тарбияланган "Жаш күч" клубунун президенти Айбек Мусаев тастыктады.

Бусурманкул айыгышкан кармашта атаандашын утуп алды. Россияда беттештин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бусурманкул айыгышкан кармашта атаандашын утуп алды. Россиядагы беттештин видеосу
Аралаш мушташ боюнча беттеш 24-мартта Колорадо штанынын Денвер шаарында өтөт. Анда Машраповдун атаандашы жергиликтүү мушкер Энтони Адамсон болмокчу.

Тилек Машрапов 2014-жылдан бери профессионалдар арасында беттешип келет. "Жаш күч" спорт клубунун тарбиялануучусу, устаты — Айбек Мусаев. 2015-жылы ММА боюнча дүйнө чемпиону аталган. Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү 8-2-0 (жеңиш, утулуу, тең чыгуу — ред).

Спортчу буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы менен маек куруп, өзү жөнүнө айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0