Кыргызстандыктар Москвага 18 аргымак алып барып, көк бөрүнүн сазайын беришти

Жазылуу
Долбоордун автору Россияда көк бөрү оюнун жайылтууну пландап жатат

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Москвага 18 аргымак алып барган кыргызстандыктар ызгаарга карабай улак тартышты. Бул тууралуу "Россия для всех" сайты жазды. 

Мындай мелдеш Россиянын борбор шаарында биринчи жолу болгонун кыргыз диаспорасынын жетекчиси Надыр Мурас өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымдаган.

Көк бөрү долбоорунун юридикалык жагын карап жүргөн Мирбек Токтошевдин айтымында, бул тааныштыруу үчүн уюштурулган оюн. Ал үчүн Кыргызстандан 18 жылкы алып келинген. Алар Моска шаарындагы ат майдандарынын биринде багылат.

"Бул кадам Россияда көк бөрүнү жайылтуу аракетибиз болуп саналат. Негизи эле аталган оюн кыргыздардын визиттик карточкасы болушу керек", — деди Токтошев.

"Россия для всех" сайты жазгандай, узакка созулчу бул долбоордун автору жалал-абаддык Нурбек Курманалиев аттуу жаран.

Жаңылыктар түрмөгү
0