Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды. Учурда эмне болуп жатат?

© пресс-служба ГАМФКиСБорец греко-римского стиля Урмат Аматов
Борец греко-римского стиля Урмат Аматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 27-февралда, Бишкекте күрөш түрлөрү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионаты башталды. Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүүдө.

Кыргызстандын курама командасынан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча 25 балбан катышат.

Чемпионаттын биринчи күнүндө спортчулар грек-рим күрөшү боюнча беш салмак категориясында ат салышмакчы. 

Бүгүн күч сынаша турчу балбандар:

Жоломан Шаршенбеков — 55 килограммга чейин;

Урмат Аматов — 63 килограммга чейин;

Эсен Асанов — 77 килограммга чейин;

Азат Бейшебеков — 87 килограммга чейин;

Мурат Рамонов — 130 килограммга чейин.

Учурда Кыргызстанга 18 мамлекеттин курама командалары келди: Афганистан, Бахрейн, Кытай, Индия, Иран, Ирак, Япония, Иордания, Казакстан, Түштүк Корея, Кытай, Монголия, Палестина, Катар, Кытай Тайбэйи, Таиланд, Түркмөнстан жана Өзбекстан. 

Мелдеш 4-мартта аяктайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0