Балбан Мээрим Жуманазарованын архивдик сүрөтү

Азия чемпионатында кыз-келиндер күч сынашып жатат. Учурда эмне болууда?

349
(жаңыланган 18:32 01.03.2018)
Мелдеш 1-2 март күндөрү Бишкек шаарында өтөт

Бүгүн кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында медалдын беш комплектиси ойнотулат. Анда өлкө намысын Саяна Баизова (50 кг), Нураида Анаркулова (59 кг),  Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) коргойт. 

Азия чемпионаты 27-февралда башталган, эми 4-мартта жыйынтыкталат. Анда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөштүн түрлөрү боюнча медалдын 30 комплектиси ойнотулат. Учурда чемпионатка 21 мамлекеттин спортчулары катышууда. 

Жаңы билдирүү
  • 20:18

    Ушуну менен кыз-келиндер арасындагы мелдештин биринчи күнү аяктап, Кыргызстандын курамасы бир гана коло медаль алды. Эртең дагы кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча беш салмакта медаль ойнотулат. Анда Кыргызстандын атынан жалгыз гана Мадина Надырова 53 килограмм салмакта килемге чыгат.

  • 20:08

    Тилекке каршы, кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы каршылашына 12:0 эсебинде жеңилип калды

  • 20:04

    Спортчу кыздарга тыныгуу берилди. Эсеп 8:0. Залдагылар Медет кызына "шашпай иште" деп кыйкырып жатышты

  • 20:02

    Учурда эсеп 6:0, түндүк кореялык балбан кыз алдыда. 

  • 20:02

    Айпери Медет кызы (76 кг) түндүк кореялык атаандашы Еунжу Хванг менен килемге чакырылды

     

  • 19:42

    Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмак категориясы боюнча индиялык атаандашы Дивя Какран менен килемге чыгып 12:6 эсебинде жеңишке жетти.

  • 12:25

    Мээрим Жуманазарова монголиялык балбанга жарым финалда жеңилип калды, эми колого үмүт бар. Жуманазарова эки упай менен алдыда келе жатып, беттештин бүтөрүнө 30 секунд калганда утулуп калды.

  • 12:19

    Эсеп 2:0. Мээрим алдыда.

  • 12:18

    Беттеш кайра башталды.

  • 12:18

    Балбан кыздар тыныгууда.

  • 12:15

    Килемге Мээрим Жуманазарова монголиялык балбан кыз менен чыкты. Жарым финал.

  • 11:54
    Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Мээрим Жуманазарова

    Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна — өмүр баяны

    Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна 1999-жылы 9-ноябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган.
    Дагы
  • 11:53

    Мээрим жарым финалга чыкты

    Мээрим 5:1 эсеби менен утуп, жарым финалга чыкты.

  • 11:45

    Мээрим Жуманазарова килемде

    Мээрим Жуманазарова (68 кг) япониялык атаандашы Маи Хаякава менен килемге чыкты.

  • 11:34

    Ка-ап, тилекке каршы, Айпери утулуп калды. Атаандашы таза жеңиш менен алдыга озуп кетти. Эгер атаандашы финалга чыкса, коло үчүн күрөшөт.

  • 11:32

    Кармаш чейрек финалдан башталды

  • 11:30

    Айперинин өмүр баянын да окуп коюңуз

    Балбан Медет кызы Айпери

    Медет кызы Айпери — өмүр баяны

    Медет кызы Айпери 1999-жылы 30-мартта Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган
    Дагы
  • 11:29

    Айпери Медет кызы (76 кг) япониялык балбан кыз Минагава Сузуки менен килемге чыкты.

  • 11:06

    Анаркулова утулуп калды

    Нураида Анаркулова (59 кг) кореялык балбан кыз Джиун Умга 4:7 эсебинде утулуп калды. Эгерде атаандашы финалга чыкса, коло үчүн күрөшө алат.

  • 11:01

    Эсеп 3:7. Атаандаш алдыда.

  • 10:57

    Нураида Анаркулова (59 кг) кореялык балбан кыз Джиун Ум менен күрөшүп жатат. Чейрек финал.

  • 10:45

    Эскерте кетсек, кечээ Акжол Махмудов финалдык беттеште казакстандык атаандашын көтөрүп чаап, алгачкы алтынды алып келди. Кармаш кызуу болду. 

  • 10:41

    Утуп келе жатып, атаандашынын алдында калды. Эки далысы жерге тийгенден кийин жеңиш казакстандык балбанга ооп кетти.

  • 10:40

    Эсеп 6:2. Баязова алдыда!

  • 10:36

    Күч сынашууга алты мүнөт убакыт берилди. Ортодо 30 секунддук бир тыныгуу бар.

  • 10:35

    Баязова килемде

    Кыргызстандык балбан кыз Саяна Баязова (50 кг) казакстандык атаандашы Марина Закшевская менен килемге чыкты. Балбандар квалификациялык беттешти өткөрүп жатат.

live
Азия чемпионатында кыз-келиндер күч сынашып жатат. Учурда эмне болууда?
+
349
Белгилер:
күрөш, Азия чемпионаты, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Күрөш боюнча Азия чемпионаты-2018 (39)
Тема боюнча
Азия чемпионаты: грек-рим күрөшүнүн балбандары жалпысынан 8 медаль алды
Атабек Азисбеков Кыргызстанга дагы бир күмүш байге алып келди
Сүйүнчү! Акжол Махмудов алтын тагынып Азия чемпиону болду
Жылмайган Турганбаев, сүрөөнү күч ирандыктар. Азия чемпионатынын ачылышы сүрөттө