Балбандар күрөш учурунда. Архив

Эркин күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды. Учурда эмне болуп жатат?

537
(жаңыланган 15:57 03.03.2018)
Бишкекте Азия чемпионаты уланууда. Бүгүн эркин күрөш боюнча медалдын беш комплектиси ойнотулат.

Өлкө намысын Алмаз Сманбеков (57 кг), Эрназар Акматалиев (65 кг), Эламан Догдурбек уулу (70 кг), Атай Изабеков (79 кг) жана Айбек Усупов (97 кг) коргойт. 

Эртең дагы эркин күрөш боюнча беш салмак категорияда кармаш өтөт. 

Буга чейин грек-рим күрөшү курама команда 8 медаль топтоп, жалпы эсеп менен биринчи орунду алган. Ал эми кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча жалгыз гана бир коло байге бар. 

27-мартта башталган күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионаты 4-мартта жыйынтыкталмакчы. 

Жаңы билдирүү
  • 20:12

    Айбек Усупов (97 кг) коло медаль учун кармашка япониялык балбан Такеши Ямагучи менен килемге чыгып, ал дагы жеңилип берди. Ошентип кыргызстандыктар эркин күрөш боюнча бүгүн бир да медалга жете алган жок.

    Эскерте кетсек, эртең, 4-март күнү, эркин күрөш боюнча килемге беш кыргызстандык балбан чыгып күч сынашат.

  • 20:11

    Эламан Догдурбек уулу жеңилип калды

    Эламан Догдурбек уулу (70 кг) индиялык атаандашы Кумар Опракаш Виноддон 3:3 эсеби менен жеңилип калды.

  • 13:58
    Кадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону Акжол Махмудов

    Акжол Махмудов: финалга чыгаарда Канат Бегалиевдин сөзүн угуп ызаландым

    Кыргызстандын атын алыска тааныткан балбандардан уучубуз куру эмес. Бирок белгилүүлүк жагынан биринчи сапта Акжол Махмудов экендиги талашсыз. Ал эки күн мурда Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында алгачкы алтын медаль тагынып, кыргыз элин чоң кубанычка бөлөдү.
    Дагы
  • 13:12

    Эламан Догдурбек уулу утулуп калды

    Каап, үмүтүбүз чоң эле. Эламан Догдурбек уулу өзбек балбанына 2:5 эсебинде утулуп калды. Атаандашы финалга чыкса, коло байге үчүн күрөшөт.

  • 13:03

    Эламан Догдурбек уулу жарым финалга өзбек балбаны менен чыкты. Алдыда финал!

  • 12:41

    Айбек Усуповго көз тийип кеткендей. Ал өзбек балбанына 0:5 эсебинде утулуп калды. Колого мүмкүнчүлүк бар.

  • 12:33

    Айбек Усупов (97 кг) чейрек финалда өзбек балбаны менен кармашып жатат. Ал квалификациялык күрөштө тажикстандык Рустам Искандарини чоң айырма менен жеңген.

  • 12:07

    Эламан Догдурбек уулу кытайлык атаандашын баш көтөртпөй 9:0 эсебинде утту. Эми алдыда жарым финал.

  • 12:00

    Эламан Догдурбек уулу (70 кг) чейрек финалда кытайлык атаандашы Менгхыджиган Менгхыджиган менен кармашып жатат. Кыргызстандык балбан азырынча 3:0 эсеби менен алдыда. Эламанды эркин күрөштөгү фаворит катары сыпатташат.

  • 11:54

    Тилекке каршы, Акматалиев казак балбанына 3:6 эсебинде жеңилип калды. Эгер ушул  атаандашы финалга чыкса, коло байге үчүн курөшө алат.

  • 11:47

    Эрназар Акматалиев (65 кг) казак балбаны менен чейрек финалда кармашып жатат. Ал квалификациялык беттеште кытай балбаны Юхсуань Чанды 12:2 эсебинде жеңип алган.

  • 11:32

    Усупов чейрек финалда

    Азамат! Усупов тажик балбанын 18:8 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Усупов көбүнчө буттан алып оодарган ыкманы колдонду.

  • 11:29

    Квалификациялык кармашка дагы бир кыргызстандык балбан Айбек Усупов (97 кг) менен тажикстандык Рустам Искандари кармашып жатат.

  • 11:24

    Эскерте кетсек, эркин күрөш боюнча курама команда маанилүү мелдешке даярдануу үчүн Казакстанда машыгуу өткөрүп келген.

    Күрөш. Архивдик сүрөт

    Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатына Казакстанда даярданат

    Курама командага мамагенттиктин алдындагы олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 603 миң сом каралган
    Дагы
  • 11:20

    Атай Изабеков түркмөнстандык балбанга 1:4 эсебинде утулуп калды. Эми анын коло байге үчүн да кармашууга мүмкүнчүлүгү жок.

  • 11:11

    Атай Изабеков (79 кг) түркмөнстандык атаандашы Сехергелди Сапармурадов менен килемге чыкты. Квалификациялык кармаш.

  • 11:04

    Эрназар Акматалиев чейрек финалга чыкты

    Эрназар Акматалиев (65 кг) Кытай Тайбэйинин балбаны Юхсуань Чанды квалификациялык кармашта 12:2 эсебинде жер каратып, чейрек финалга бет алды. Азамат!

  • 10:52

    Сманбеков утулуп калды

    Алмаз Сманбеков атаандашына 2:12 эсебинде утулуп калды. Эгерде чейрек финалда кармашса, коло байгеге үмүт пайда болмок. Сманбеков мындан кийинки беттештерине жакшылап даярданбаса болбойт.

  • 10:40

    Алмаз Сманбеков (57 кг) монголиялык атаандашы Цогбадрах Цевенсуреен менен килемге чакырылды. Балбандар беттешүүсүн квалификациялык кармаштан баштайт.

  • 10:31

    Азия чемпионаты Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүүдө. Мелдешке жалпы жонунан 21 мамлекеттин спортчулары катышып жатат.

537
Белгилер:
эркин күрөш, медаль, Азия чемпионаты, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Күрөш боюнча Азия чемпионаты-2018 (39)
Тема боюнча
Акжол Махмудов: финалга чыгаарда Канат Бегалиевдин сөзүн угуп ызаландым