Айла жоктон кеттим ай... Башка желек көтөрүп дүйнө багынткан кыргыз спортчулары

© AFP / CARSTEN REHDERПольшанын гандбол курама командасын машыктыруучусу Талант Дүйшөбаев. Архив
Польшанын гандбол курама командасын машыктыруучусу Талант Дүйшөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын намысын коргой турган күч-кубатка эгедер спортчулар колдон чыгып кеткенин байкабай калабыз. Качан гана алар башка өлкөнүн желеги менен чыгып дүйнөнү багындырганда бармак тиштеп отуруп калабыз. Буга Казакстан алып кеткен Юрий Мельниченко, Жылдыз Эшимова жана Каныбек Сагындыковдор далил боло алат.

Мурда бир өлкө башка элди күч колдонуп басып алуу менен өз мамлекетинин кубаттулугун көрсөтүп келген. Ал эми азыр спортчулардын жетишкен ийгилигине карап өлкөнүн атагы чыгаары бештен белгилүү. Ошондуктан да ар бир мамлекет спортчуларын өзгөчө камкордукка алып дүйнөлүк мелдештерге таптап чыгарат. Деген менен 1990-жылдары жана 2000-жылдын башында кыргыз спортчулары башка өлкөнүн желегин көтөрүп чыга баштаган. Буга жүйө катары спортчуларга жетишерлик шарт түзүлбөй калганы айтылат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөн кеткен спортчулардын жетишкен ийгиликтерине баам салды.

© предоставлено Кабылом МакешовымОлимпиада чемпиону Юрий Мельниченко
Призеры олимпиады из Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада чемпиону Юрий Мельниченко

1. Юрий Мельниченко 1972-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. Грек-рим күрөшү боюнча балбан. 1993-жылы Казакстандын жарандыгын алып коңшу өлкөнүн желеген көтөрүп чыга баштаган. Мельниченко Кыргызстанда жүргөндө каражаттын жоктугунан бир чемпионатка бара албай калган. Ошондон кийин белгилүү казак балбаны Даулет Турлыханов жана Геннадий Сапуновдун чакыруусу менен кеткенин буга чейинки маектеринин биринде айткан жайы бар.

Спорттук карьерасында 1996-жылы Атланта Олимпиадасында алтын медаль уткан. Азиянын эки жолку (1996, 1997-жыл) жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону (1994, 1997-жыл) болууга жетишкен. Төрт жыл грек-рим күрөшү боюнча Казакстандын курама командасынын машыктыруучусу болгон. Учурда коңшу өлкөнүн күрөш боюнча Олимпиадага даярдоо борборунун жетектейт, Күрөш боюнча ассоциациясы жана федерациясынын вице-президенти. Казакстандын эмгек сиңирген спорт чебери жана эмгек сиңирген машыктыруучусу.

© AFP / CARSTEN REHDERДүйнөлүк гандболдо эң күчтүү спортчулардын катарын толуктаган Талант Дүйшөбаев
Личности, прославившие Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк гандболдо эң күчтүү спортчулардын катарын толуктаган Талант Дүйшөбаев

2. Талант Дүйшөбаев 1968-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Дүйнөлүк гандболдо эң күчтүү спортчулардын катарын толуктайт. Убагында СССР, Испания курамаларында ойногон. 1992-жылы Барселонадагы жайкы Олимпиаданын чемпиону болгон. 1994-жылы жана 1996-жылы дүйнөнүн эң мыкты гандболчусу деп табылган. СССР тарагандан кийин Испанияга кетип 1995-жылы ошол мамлекеттин жарандыгын алган. Испаниянын курама командасы менен ойноп үч жолу Олимпиадага катышып эки коло медаль уткан, Европа чемпионатынан эки ирет күмүш, бир жолу коло байге алган. 2005-жылдан тарта машыктыруучулукка өтүп Испания, Венгрия, Польша командаларын жетектеген. Учурда Польшанын курама командасын машыктырат. Анын уулу Даниэль Дүйшөбаев да Испаниянын гандбол боюнча курама командасында ойнойт.

Өткөн жылы Кыргызстанда II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаГрек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери жана Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу
Депутат Жогорку Кенеша Дамирбек Асылбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери жана Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу

3. Дамирбек Асылбек уулу. 1981-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Ал да 1999-жылы Даулет Турлыхановдун чакыруусу менен Казакстанга кетип төрт жылдай жүрүп келген. Казакстандын желеги алдында дүйнө чемпионатына катышып алдыңкы ондукка кирген. Ал эми 2001-жылы Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль багындырган. 2012-жылдан тарта Кыргызстандын Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти. 2013-жылдан ушул мезгилге чейин "AAWC" спорттук күрөшү боюнча Азия кеңешинин вице-президенти болуп саналат. Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты. Үстүбүздөгү жылдын 15-16-февраль күндөрү Казакстандын күч органдары тарабынын жүргүзүлгөн ири операция учурунда кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилген. Ошондой эле анын жарандыгы да казак экени айтылып талаш жаратууда.

Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант элек, чемпион болдук! Чет жакта топ жарып чыккан кыргыз спортчулары
4. Жылдыз Эшимова 1988-жылы Таласта туулган. Кыргызстанда жүргөндө күрөш боюнча Азия чемпиондугун багындырган. 2004-жылдан тарта Казакстандын намысын коргоп келет. 2007-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын медалга ээ болгон. Андан кийин төрт жолу күмүш, бир ирет коло байге уткан. Дүйнө чемпионатынан коло, күмүш медалдарды тагынган. Мындан сырткары, Лондон Олимпиадасында 15-орунду жана Рио Олимпиадасында 5-орунду ээлеген. Казакстандын эмгек сиңирген спорт чебери.

5. Каныбек Сагындыков 1983-жылы Нарында туулган. 2000-жылы Алматыга кеткен. Ага чейин Кыргызстандын атынан бильярд боюнча жаштар арасындагы дүйнө биринчилигин багындырган. Учурда ал дүйнөнүн үч жолку чемпиону (2001, 2004, 2007) Европа чемпиону (2004) жана эки коло байгенин ээси. Мындан сырткары, Азия жана Балтика кубогун багындырган.

7. Эмил Кенжесариев, 1987-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Футболчу 2009-жылы Казакстандын жарандыгын алган деген маалымат бар.

Спорттук карьерасын Бишкектин "Олимпия" футбол командасында баштаган. Кийинчерээк "Абдыш-Ата" (Кант) клубунда ойногон. Кийинки жылы (2005) Кыргызстандын курамасы менен кичи-футбол боюнча Вьетнамда өткөн Азия чемпионатына катышкан. Ушул эле жылдын жай айында Бишкекте орто мектепти бүткөн соң Алматыга кетип Казакстандын "Цесна" клубуна кабыл алынган. Андан соң (2006-2007) "Астана" командасында ойноп, 2006-жылы Казакстандын чемпиону болгон. Ал эми 2008-жылдан тарта "Актөбө" клубунда ойноп, үч ирет Казакстандын чемпиону аталып, бир кубок жана эки жолу супер кубогуна ээ болгон. Ташкенттин "Бунёдкор" клубу менен да келишим түзүп, бирок 6 оюн өткөргөндөн кийин кайра "Актөбөгө" кайтып келген.

2004-жылы Кыргызстандын мыкты оюнчусу, 2010-жылы Шериктештер кубогунун мыкты чабуулчусу аталган. 2013-жылдын 10-августунда Алматыдагы эс алуучу жайлардын биринде чыр-чатак чыгып күзөтчү сабап койгон. Башынан катуу жаракат алып комага түшүп калган. Ага Израилден операция жасалып, ошондон кийин спорттук карьерасы токтогон.

Больница Эдуарда Херрио в Лионе. Франции - Sputnik Кыргызстан
Келер бекен? Чет элдиктердин өмүрүн сактап жүргөн кыргызстандык ак халатчандар
8. Мындан бир нече жыл мурда кичинекей кыргызстандык Эрбол Атабаев Испаниянын айтылуу "Барселона" футбол клубунун академиясына окууга өткөн. Учурда 17 жашта, ата-энеси Барселона шаарында жашайт. "Гава" клубунун курамында машыгып жатканын жергиликтүү ЖМКларга КРдеги Испания мамлекетинин ардактуу консулу Таалайбек Бапанов билдирген. Анын айтымында, 15 жашка толгон Эрбол Испаниянын мыйзамдарына ылайык, футболчу катары профессионалдык клубдардан чакыруу алууга укутуу. Футболчу алгачкы машыгууларын Канттын "Абдыш-Ата" клубунан баштап, Испанияга кеткенге чейин россиялык "Рубинде" ойногон.

Убагында грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу жана спорт тармагындагы мекемелерди жетектеп келген Алмаз Касенов Мамлекеттен спортко акча бөлүнбөй, шарт түзүлбөй калгандыктан спортчулар башка өлкөгө кетүүгө аргасыз болушканын айтат.

"Чынында 1990-жылдар спортчулар үчүн кыйын эле болгон. Мисалы жаштар арасында дүйнө чемпиону болуп турган Юрий Мельниченкону Казакстан бардык шартты түзүп, турак сунуштап алып кеткен. Жылдыз Эшимованы да Азия чемпиондгун багындыргандан кийин чакырышкан. Канат Бегалиев да 2005-жылы Казакстанга барып бир жылдай жүрдү. Бирок эл аралык мелдештерге гана катышып, чоң турнирлерге чыккан эмес. Кайра өзүбүз чакыртып алганбыз. Соңку 10 жылдан бери бизде да шарттар жакшырып, спортчулар чет өлкөгө анча кетпей калышты", — деди Касенов.

Ал даңазалуу балбан Раатбек Санатбаев да Казакстандын желегин көтөрүп чыккан деген маалыматты четке какты.

Фигурное катание. Чемпионат мира. Женщины. Произвольная программа - Sputnik Кыргызстан
Башка мамлекеттин таламын талашкан кыргыз балдары
"Раатбекти да Даулет Турлыханов чакырып төрт жыл жанында алып жүргөн. Каржылык жактан да колдоп мелдештерге чыгарып жатты. Бирок Раатбек бир да жолу Казакстандын желегин көтөрүп чыккан эмес. Даулет аны иниси катары көрүп, экөө жакшы мамиледе болгондуктан жардам көрсөткөн десек болот. Раатбекке Казакстандын эмгек сиңирген спортчусу наамы жана "Кайсар" ордени алардын балбандарын машыктырганы үчүн жана Даулеттин сый-урматы катары ыйгарылган", — деди түшүндүрдү Касенов.

Ошол эле учурда азыркыга чейин Кыргызстандын спортчуларына байма-бай чет жактан сунуштар түшүп турары айтылат. Мисалы, балбан Каныбек Жолчубековго Түркиядан, Кореядан жана дагы казакстандык Даулет Турлыхановдон чакыруу түшкөн. Бирок 200 миң долларга чейин сунуштаганына карабай баш тартып койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0