Кыргызстандык балбанчы Муслим Евлоев жана монгол спортчу Мандахранана Ганзорига

Күрөш боюнча Азия чемпионатынын акыркы күнү. Учурда эмне болуп жатат?

551
(жаңыланган 09:29 05.03.2018)
Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда. Бүгүн эркин күрөш боюнча медалдын беш комплектиси ойнотулат.

Анда өлкө намысын Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Муслим Евлоев (74 кг), Динислам Таалайбек уулу (86 кг), Бактияр Карагул уулу (92 кг) жана Мурат Рамонов (125 кг) коргойт.

Кечээ, 3-мартта эркин күрөш боюнча медалдын дагы беш топтому ойнотулган, бирок бир да кыргызстандык байге алган эмес.

27-28-февраль күндөрү грек-рим күрөшү боюнча курама команда 8 медаль топтоп, командалык эсепте биринчи орунду ээлеген. Ал эми 1-2-март күндөрү өткөн кыз-келиндер арасындагы беттеште Кыргызстандын капчыгына бир коло байге буйруду.

27-мартта башталган күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионаты бүгүн, 4-мартта жыйынтыкталмакчы.

Жаңы билдирүү
  • 19:07

    Кыргызстандык балбан Муслим Евлоев Азия чемпиону болду

    Ал финалдык беттеште монгол балбаны Мандахранан Ганзориг менен кармашып, 11:1 эсебинде жеңишти камсыздады.

    Кыргызстанский борец вольного стиля Муслим Евлоев стал чемпионом Азии в весовой категории до 74 килограммов, проходившим во Дворце спорта в Бишкеке.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 18:58

    Кыргызстандык балбан Муслим Евлоев монгол балбаны Мандахранан Ганзориг менен финалдык беттешке чыгып, биринчи таймда 7:0 эсеби менен алдыда келе жатат.

  • 18:28

    Улукбек Жолдошбеков коло байге утту

    Улукбек Жолдошбеков (61 кг.) уулу 6:0 эсебинде атаандашы ирандык балбан Иман Мохтар Садегхикукандени утуп коло байгеге ээ болду.

    Кыргызстанский борец вольного стиля Улукбек Джолдошбеков, выступавший в весовой категории до 61 килограмма, завоевал бронзовую медаль.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 18:21

    Коло байге үчүн кармашта Улукбек Жолдошбеков (61 кг.) ирандык балбан Иман Мохтар Садегхикуканде менен чыкты.

  • 18:20

    Базар Базаргуруев тууралуу кызыктуу фактыны сунуштайбыз.

    Балбан Базар Базаргуруевдин архивдик сүрөтү

    10 жылдан соң Олимпиаданын колосун алган балбан Базар Базаргуруев тууралуу 5 факты

    Бүгүн, 4-март күнү Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында 2008-жылы Пекин Олимпиадасынын коло медалы Базар Базаргуруевге салтанаттуу тапшырылат.
    Дагы
  • 18:19

    Базар Базаргуруев 10 жылдан кийин коло байгеге ээ болду

    Кыргызстандык балбан Базар Базаргуруевге Пекин - 2008 Олимпиадасындагы коло байге тапшырылды. 

    2008-жылы Пекинде өткөн олимпиадалык оюндарда 60 кг. салмакта Кыргызстандын намысын коргоп, алгач албаниялык балбанды жер караткан. Чейрек финалда Европа чемпиону, украиналык Виталий Федоршин менен күрөшүп, Базардын эки упайын калыстар эсепке албай, 3:1 эсебинде утулуп калган. Федоршин финалга чыгып, Базар коло байге үчүн талапкерлердин таймашында дүйнө чемпиону, америкалык Майк Задикти утуп, коло байгеге талапкердин бири болгон. Коло медаль үчүн күрөштө япон балбаны Кеничи Юмотого аз айырма менен утулуп калган. Бирок 9 жылдан кийин учурунда Пекин Олимпиадасынан күмүш медаль уткан украиналык Федоршиндин канынан туринабол кызытмасы табылып, Эл аралык олимпиада комитети ал уткан күмүш байге япониялык Кеничи Юмотого ыйгарылганын жарыялаган. Ал эми ошол учурда 5-орунду ээлеп, бармак тиштеп калган Базар Базаргуруевге Кеничи Юмотонун коло медалы өттү.

  • 15:47

    Кыргызстандык балбандар байгелүү орундар үчүн ким менен чыгары аныкталды

    Коло байге үчүн кармашта Улукбек Жолдошбеков ирандык Иман Мохтар Садегхикуканде менен кез келсе, Муслим Евлоев финалда монгол балбаны Мандахранан Ганзориг менен күч сынашат.

  • 15:29

    Муслим Евлоев дал ушул ыкмалары менен финалга чыкты.

  • 14:49
    Балбан Муслим Евлоевдин(ортодо) архивдик сүрөтү

    Балбан Муслим Евлоев атаандаштарын баш көтөртпөй финалга чыкты

    Финалда Евлоев монгол балбаны Мандахранан Ганзориг менен беттешет
    Дагы
  • 13:24

    Улукбек Жолдошбеков (61 кг.) жооткотуучу кармашта монголиялык балбан Чинзориг Тцерманы утуп алды. Эми коло байге үчүн кармашат.

  • 12:57

    Күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүүдө.

  • 12:39

    Азаматсың. Муслим Евлоев финалга чыкты

    Азамат, намыска жарады! Муслим Евлоев (74 кг) жарым финалда ирандык балбан Мостафа Мохабалли Хоссейнхани 8:4 эсебинде утуп, финалга чыкты.

  • 12:24

    Муслим Евлоев (74 кг.) жарым финалга ирандык Мостафа Мохабалли Хоссейнхани менен чыгат. Биздин күрөшчүгө ийгилик каалайбыз.

  • 12:20
  • 12:11

    Тилекке каршы Бактияр Карагул уулу чейрек финалда монгол балбанына 0:10 эсебинде утулду. Эгер атаандашы финалга чыкса, үчүнчү орун үчүн кармашат.

  • 12:01

    Кыргызстандык Бактияр Карагул уулу (92 кг.) монголиялык балбан Туртогтох Лувсандорж менен чейрек финалда килемге чыкты.

  • 11:58
    Жалгыз медаль! Мээрим Жуманазарованын атаандашын буттан алып жеңген видеосу

    Жалгыз медаль! Мээрим Жуманазарованын атаандашын буттан алып жеңген видеосу

    Кыздар арасында Азия чемпионаты кечээ 1-мартта башталган, ал бүгүн жыйынтыкталмакчы. Мелдеште медалдын 10 топтому ойнотулду. Анда Кыргызстандын атынан жалгыз гана Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло байге тагынган.
    Дагы
  • 11:49

    Ураа, Муслим Евлоев жарым финалга чыкты

    Кыргызстандык Муслим Евлоев чейрек финалда түркмөнстандык балбан Давлетмурат Оразгулужов менен чыгып, 12:2 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алды.

  • 11:45

    Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатындагы кызыктуу көтөрүп чабуулар

  • 11:42

    Тилекке каршы, Улукбек Жолдошбеков чейрек финалда 4:7 эсебинде казак атаандашына утулуп калды. Каршылашы финалга чыкса, коло үчүн күрөшөт.

    Белгилей кете турчу жагдай эки балбан кармаштын кызуусуна баттыбы бейм килемден да чыгып калыстар отурган үстөлдүн астына түшүп кетти.

  • 11:32

    Улукбек Жолдошбеков (61 кг.) чейрек финалга казак атаандашы Нурислам Санаев менен чыкты. Биздин балбан активдүүлүгүн көрсөтпөгөндүктөн казак балбанына биринчи таймда бир упай берилди.

  • 11:27

    Кыргызстандык Мурат Рамонов (125 кг.) ирандык атаандашы Ахметд Салах Мажид Аль-Жамиге чейрек финалда 0:10 эсебинде утулду. Эгер атаандашы финалга чыкса, коло байге үчүнат салышууга мүмкүнчүлүк алат.

  • 11:16

    Тилекке каршы, Динислам Таалайбек уулу (86 кг.) кореялык балбан Хиекбум Гвонго 1:11 эсебинде утулуп калды. Кармаш квалификациялык болгондуктан, эми анын коло байге алганга дагы мүмкүнчүлүгү жок.

  • 11:06

    Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстандын грек-рим боюнча командасы кантип биринчи болду? Айыгышкан кармаштардын видеосу.

    Грек-рим күрөшү боюнча КР командасы кантип биринчи болду? Видео

    Грек-рим күрөшү боюнча КР командасы кантип биринчи болду? Видео

    Ушул тапта Бишкекте күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 27-28 мартта өтүп, медалдын 10 комплектиси ойнотулган.
    Дагы
  • 11:02

    Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болгон Акжол Махмудовдун жеңиштен кийинки кубанычына ортоктош болуңуз.

  • 10:58

    Кыргызстандык Муслим Евлоев (74 кг) тажикстандык балбан Сорбон Абдулхаевди квалификациялык кармашта 11:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга өттү.

    Белгилей кетсек, биринчи тайм 7:0 эсеби менен аяктаган. Анда Евлоев атаандашын бутунан кармап, эки жолу айланган. Экинчи таймда каршылашынын артына өтүп, эки жолу оодарып жеңишти камсыздады.

  • 10:51

    Азамат! Улук Жолдошбеков ирактык балбанды 10:0 эсебинде утуп чейрек финалга чыкты

  • 10:50

    Тыныгуу берилди. Жолдошбеков атаандашынан 6:0 эсеби менен алдыда.

  • 10:49

     Квалификациялык кармашта Улугбек Жолдошбеков (61 кг) ирактык атаандашы Мохаммед Аль-Жавад Зухаир Карим менен килемге чакырылды.

  • 10:48

    Бүгүн күрөш боюнча Азия чемпионатынын акыркы күнү

551
Белгилер:
эркин күрөш, медаль, Азия чемпионаты, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Күрөш боюнча Азия чемпионаты-2018 (39)
Тема боюнча
Эркин күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды. Учурда эмне болуп жатат?
Грек-рим күрөшү боюнча КР командасы кантип биринчи болду? Видео
Кыздарга дем берген Айсулуу Тыныбекова. Азия чемпионатындагы ирмемдер