Жээнбековдон жеңилген Проценко беттештен кийин үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековУкраиналык мушкер Юрий Проценко
Украиналык мушкер Юрий Проценко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Проценко билдирүүсүндө мурдун турнирге чейин эле кокустатып алганын, кармашта мунун кесепетин тартканын айткан.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Украиналык Юрий Проценко мушкер Тилек Жээнбеков менен болгон беттеши тууралуу оюн Facebook баракчасына жүктөдү.

Мушкерлер кечээ кулатуу эр таймаш боюнча WEF Global 11 эл аралык турниринин алкагында чемпиондук кур үчүн беттешкен. Анда Проценко башы-көзүнө бир нече жолу сокку алып, төртүнчү раундда ден соолугунуна байланыштуу кармаштан баш тартууга аргасыз болгон.

Проценко билдирүүсүндө мурдун турнирге чейин эле кокустатып алганын, кармашта мунун кесепетин тартканын айткан.

"Кутмандуу күнүңүздөр менен. Мен кечээ Кыргызстандын борборунда WEF Global уюмунун чемпиондук куру үчүн күч сынаштым. Бул ирет жолум болгон жок. Бардыгыңыздар көргөндөй беттеште мурдум канжалап, төртүнчү раундда оозум менен дем алууга аргасыз болдум. Мен турнирге чейин спаррингде эле мурдумду кокустатып алгам. Кармашта бул кесепетин тийгизбей койгон жок. Балким бул менин кемчилигимдир. Тилек — чыныгы чемпион," — деди Проценко.

Ошондой эле санаа таркан күйөрмандарына ыраазычылык билдирип, сын айткандарга мындан да көп машыга турганын белгилеген.

Эске сала кетсек, былтыр 9-декабрда Юрий Проценко JFC MMA турниринде "Ак аюу" каймана аты менен таанымал Мыктыбек Мамасалиевди жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0