Балбан Мээрим Момунова: мен катышкан турнирге жакындарым келүүнү каалабайт

© Sputnik / Асель СыдыковаБалбан Мээрим Момунова. Архив
Балбан Мээрим Момунова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздары кыйын кыргыздын. Бул сөздү спортчу Мээрим Момунова да тастыктайт. Ал алыш күрөшү, дзюдо боюнча чебер. Кошумча кросс-фит менен да алектенип мелдештерге катышууга белсенип жүргөн чагы.

Күрөш боюнча Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова - Sputnik Кыргызстан
Баары алдыда! Азия чемпионатынын эң ажарлуу балбаны Мээрим Жуманазарова менен маек
Мээрим Момунова 1990-жылы 22-январда Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Арчалы айылында туулган. Алыш, бел боо күрөшү, дзюдо боюнча КРдин бир нече жолку чемпиону, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. 2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында алыш боюнча алтын, бел боо күрөшү боюнча күмүш медаль тагынган. Алыш күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, машыктыруучу. Дзюдо боюнча спорт чебери.

Спортчу Мээрим Момунова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спорттогу жолу, үй-бүлөсү, жеке жашоосу жана алдыдагы пландары тууралуу маек куруп берди.

— Мээрим, былтыр сиз үчүн жемиштүү жыл болду. Быйыл алдыга кандай пландарды койдуңуз?

— Чоң максаттарымдын бири күзүндө Индонезияда өтө турчу Азия оюндарына жана Көчмөндөр оюнуна катышуу. Азыр бир аз сыркоолоп жүрөм. Саламаттыгымды ордуна келтирип алсам республикадагы мелдештерден калбай катышам. 

© пресс-служба ГАМФКиСБалбан кыз былтыр Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында алыш боюнча алтын, бел боо күрөшү боюнча күмүш медаль тагынган
Балбан Мээрим Момунова: мен катышкан турнирге жакындарым келүүнү каалабайт - Sputnik Кыргызстан
Балбан кыз былтыр Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында алыш боюнча алтын, бел боо күрөшү боюнча күмүш медаль тагынган

— Ири мелдештерге катышуу үчүн өлкө ичинде биринчи аталуу керек. Кыргызстанда сиздин салмак чениңизде атаандаш күчпү?

— Мен килемге 60-65 килограмм салмакта чыгам. Кээде кыздар ошол салмактан өйдө көтөрүлүп же түшүп кеткен учурлар болот. Атаандаштык болбосо өсө албайсың. Килемге кандай гана кыз чыкпасын, ал мага атаандаш. Өзүң профессионал болсоң да, кээде жаңы чыгып келе жаткан балбанга утулуп каласың. Ошондуктан бардык учурда кооптонуу болот. Мен үчүн атаандаштарымдын бардыгы күчтүү. Кыргызстан кичинекей, балбан кыздарыбыз дагы саналуу. Бири-бирибиздин күрөшүү ыкмаларыбызды жаттап алганбыз. Бирок ким көбүрөөк мээнет кылса, жеңиш ошонуку.

— Бир эле учурда спорттун алыш күрөшү, дзюдо жана кросс-фит менен алектенет экенсиз. Бардыгына кантип жетишесиз?

— Каалоо болсо убакыт да табылат. Кросс-фит — менин эртең мененки машыгуум. Бул боюнча бизде мелдештер абдан аз өтөт. Болсо катышайын деген ниетим бар. Алыш олимпиадалык спорттун түрүнө кирбегендиктен эл аралык турнирлер менен чектелебиз. 16 жашыман тарта дзюдо менен алектенип, тогуз ирет өлкө чемпиондугун багындырдым. Ал жактагы ыкманы деле алышта колдоно алдым. Дзюдонун эрежелери япон тилинде болсо, алыш кыргыз тилинде болгондуктан жүрөгүмө жакын кабыл алам.

— Бирок дзюдо менен Олимпиадага катышуу мүмкүн да?

— Дзюдодо жыйынтык көрсөтүү кыйын, атаандаштык күч. Олимпиада оюндарына катышуу үчүн ири турнирлерге катышып упай топтошуң керек. Менде байма-бай турнирлерге катышууга мүмкүнчүлүк жок.

— Спорттон тыш суроо берейин. Үй-бүлөңүз тууралуу кеп салсаңыз?

Кадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Акжол Махмудов: финалга чыгаарда Канат Бегалиевдин сөзүн угуп ызаландым
— Балалыгым ата-энем төрөлүп өскөн Аламүдүн районунун Арчалы айылында өттү. Үч бир туугандын экинчисимин, эжем жана иним бар. Кичинекей кезимде күчүмдү каякка жумшаарымды билбеген, бул көчөнүн башынан тиги көчөнүн аягына чейин чуркап барган элпек кыз болчумун. 10-классымда классташымдын сунушу менен дзюдого баргам. Ал жактагы машыктыруучум Талант Дүйшөбеков залга барбай калсам үйдөн келип сурап алып кетчү. Шаарга келгенде курама командага кирип, ал жакта жашап машыгып калдык.

Башында апам дене-башымдагы жаракаттарды көрүп залга барышыма каршы болуп жүрдү. Атам волейболду жакшы көрөт. Мага спорт жаатынан каршылык көрсөткөн жок. Бирок мелдештеримди көргөнү келишпейт. Атам эмоционалдуу адам. Бир жолу ата-энем менен таенем турнирге келгенде мен утулуп калгам. Ошондон кийин биз келсек утулуп калат экенсиң, үйдө эле болуп туралы деп тамашалашкан. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0