Антонина Шевченко кайрадан Lion Fight чемпиондук титулун коргомой болду

© Фото / Jeff SainlarMMA мушкери Антонина Шевченко. Архив
MMA мушкери Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер ушуну менен үчүнчү жолу чемпиондук титулун коргомокчу

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. MMA мушкери Антонина Шевченко Lion Fight чемпиондук титулун кайрадан коргойт. Бул тууралуу турнирдин расмий сайтында маалымдалат.

Күрөш боюнча Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова - Sputnik Кыргызстан
Баары алдыда! Азия чемпионатынын эң ажарлуу балбаны Мээрим Жуманазарова менен маек
Шевченко Lion Fight версиясында муайтай боюнча 2016-жылы июлда дүйнө чемпиону болгон. Андан бери италиялык Паоло Каруччи менен голландиялык Илона Виймансты жеңип титулун эки жолу коргогон.

Lion Fight Promotions былтыр январда үчүнчү жолу мушташ сунуштап, ал беттеш атаандашынын айынан болбой калган.

Антонина Шевченко бул ирет австралиялык Клер Бакстер менен 21-апрелде АКШнын Коннектикут штатындагы Машантукет шаарында кездешет. Эки мушкердин беттеши Lion Fight 42 турниринин башкы мушташы болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0