Курдан кармап, торой чаап... Кыргыз күрөшүнүн балбандары жеңишке кантип жетет

© Sputnik / Табылды КадырбековКонноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате
Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо башталат. Мелдеш спорттун 37 түрү боюнча өтүп, ага дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнөн 3000дин тегерегинде спортчу катышары болжолдонууда.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекова менен Махмудов баштаган балбандар канча табат? Мамлекеттик стипендия
Sputnik Кыргызстан агенттиги III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Дене тарбия, жаштар иши жана спорт агенттиги менен биргеликте быйылкы көчмөндөр оюндарына киргизилген спорттун түрлөрүнүн эрежелерин даярдады. Белгилей кетсек, спорттун түрлөрү боюнча өзгөрүүлөр дагы болушу мүмкүн, азырынча тизме толук бекитиле элек. Алгач кыргыз күрөшү менен тааныштырууну эп көрдүк.

Балбандар күрөшө турчу килемдин узуну да, туурасы да 12 метр болот. Ал эми кармаш жүрүүчү айлананын диаметри 9 метр. Контролдук кызыл тилкенин туурасы 1 метр болушу керек.

1. Мелдешти өткөрүү шарттары

— Сүрмө күрөш (бир утулуштан кийин мелдештен четтетилет), финалга чыккан балбандарга утулгандар кайра 3-орун үчүн беттешет;
— Эгер 5 кишиге чейин болсо айлампа түрүндө өтөт;

2. Күрөштүн башталышы.

Алгач балбандардын белиндеги кур тыкыс байланышы керек. Беттеш балбандардын атаандашынын курун эки колдоп эки капталынан кармап, баштарын тийгизип турган абалда калыстын ышкыруусу менен башталат. Мында алар белгиленген чектин ичинде турушу керек. Эгер балбандар кармашуудан качса калыс ага оозеки эскертип, дагы качса каршылашына 1 упай берет.

3. Балбандардын жаш курагы

— Чоңдор — 20 жаштан жогору. 17-18 жаштагы балбандардын чеберчилиги туура келсе, дарыгердин уруксаты менен чоңдор арасындагы мелдешке катыша алат;
— Жаштар — 18-20 жаш;
— Уландар — 15-17 жаш.

4. Салмак категориясы

Чоңдор менен жаштар 55 килограммга чейин, 60, 66, 74, 84, 96 жана 96 килограммдан жогору;

Уландар: 40 килограммга чейин, 44, 48, 52, 57, 62, 68, 76 жана 96 килограммга чейин.

5. Балбандардын кийимдери жана тазалыгы

Сумочулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнуна япониялык сумочулар чакырылды
Спортчулар килемге кенен ак түстүү шым кийип, үстү жылаңач чыгат. Бутуна булгаары жумшак бут кийими кийиши шарт. Көк же кызыл куру киндик тушуна тыкыс байланат. Эреже боюнча балбандардын денелери жарасыз жана тырмактары алынган болушу тийиш. Ал эми федерация тарабынан бекитилген формасы жок балбандар мелдешке киргизилбейт. Мындан тышкары, таймашка катышчу командалар өзүнүн балбан кийимдери жана курлары менен чыга алышат.

6. Упай берүү

2 упай берилчү ыкмалар:

— Каптал кырына жыгылса;
— Денесинин көпчүлүк бөлүгү күрөш тилкесинен сырткары таза жыгылса;
— Кызыл тилкеден ыкма жасап сыртка таза түшсө.

1 упай берилчү ыкмалар:

— Көмкөрөсүнөн түшсө;
— Денесинин көпчүлүк бөлүгү күрөш тилкенин сыртына жыгылса;
— Жамбашка отурса;
— Балбандар кармашуудан тоскоолдук кылып качса, калыс качкан балбанга эскертүү берет, дагы кайталаса каршылашына 1 упай берет;
— Эки колу курдан чыгып кетсе упай атаандашына кетет;
— Килемден качып чыкса.

7. Жеңүүчүнү аныктоо

— Таза жеңиш;
— Упай менен;
— Эки балбандын упайлары тең чыкса акыркы болуп упай алганы жеңүүчү болот;
— Үч айып алган балбан күрөштөн четтетилет;
— Ортодогу айырмасы 8:0 болсо таза жеңишке ээ болот.

8. Оюнду тескөөчүлөр

Беттешти башкы калыс, анын жардамчысы, башкы катчы, ортодогу калыс, каптал калыс тескеп, убакыт өлчөгүч, мелдештин коменданты, дарыгер, жарчы көз салып турат.

9. Кыргыз күрөшүндө колдонулуучу ыкмалар

— оң–сол капталга аттап чабуу;
— бут менен чалуу;
— бутун илип көтөрүү;
— буттан торой чалуу;
— ичтен чалуу (токонек, тушоо);
— жамбашка алуу;
— белге алып чабуу;
— тизеге алып чабуу;
— төшкө алып чабуу;
— силкип жыгуу;
— кайтарып чабуу (кайтарма);
— айлантып чабуу (батберек);
— өзүнөн ашыра артка ийилип чабуу;
— бурап жыгуу;
— белди кысып жыгуу;
— желкеден кармап ыкма жасоо (бир кол менен);
— колдон кармап ыкма жасоо;
— энкейип чабуу;
— алага тээп чабуу (отхват);
— колду каршылаштын үстүнөн ашырып кармап ичтен чалуу;
— колду ашырып торой чалуу;
— колду ашырып бутту бут менен илүү;
— тизе менен алага илип жыгуу;
— желкеден кармап жыгылтуу;
— колтук астынан кирип көтөрүп чабуу;
— колтук астынан кирип отуруп чабуу;
— ыкма жасоо максатында бир колду абалдан которуп кармоо.

10. Кыргыз күрөштө төмөнкү ыкмаларды колдонууга тыюу салынат

— кур менен шымды кошо кармоо;
— колду ашырып шымдын аласын кошо тарта кармоо;
— колду жана денени чымчый кармоо;
— коргонуу максатында эки колун чыгарып жата калуу;
— колду жамбаштын алды жагынан (ичтен) такоо;
— желкеден бир кол менен колтука кысуу;
— бел курчоодон ылдый (төмөн) кармоо;
— буттан кармоого;
— коргонуу максатында баш менен такап алуу;
— кокодон муунта кармоо;
— коргонуу максатында чыканак менен тосуу;
— колду ашырып чыканак менен одоно басуу;
— коргонуу максатында эки колду курдан кое берүү;
— эки колду курдан чыгарып ыкма жасоо;
— башты жана бетти алакан менен түртүү;
— каршылашты бутуна таман менен такап тебүү;

11. Айып бериле турган учурлар

— калыстын уруксатысыз убакытты чоюп курун же боосун байласа;
— килемден бир буту чыкса же балбан кaчып чыкса;
— курун тыгыз байлабай койсо жана атайын бошотсо;
— бир же эки колун жамбаш мүчөсүнүн алды жагына такаса;
— бир колун курдан ашырып кармагандан кийин экинчи колун ич жагынан такаган абалда 10 секундадан ашык турса (ыкма колдонбосо);
— күрөш башталаарда эрежеге ылайык кармашуудан качса;
— күрөшүүгө кечигип келсе (бир мүнөткө чейин);
— эс алуу максатында курун жана кийимин шашылбай оңдосо;
— каршылашына тыюу салынган ыкмаларды колдонсо.

12. Күрөштөн кайсы учурда четтетилет?

— бир мүнөттөн узак мелдешке кечигип калса;
— үч мүнөттөн көбүрөөк дарыгерге кайрылса;
— үчүнчү жолу айып алганда.

13. Мелдештен чыгаруу

Каршылашы же калыс менен чатакташса, мушташып кеткен (калыстардын чечими менен аныкталат) балбан мелдештен четтетилет. Кийин маселе федерацияда каралып, күрөшүү укугунан бир же үч жылга четтетилет.

14. Эскертүүлөр

— Колду көтөрүп кармоого калыстын күрөштү баштоого берген белгисинен (ышкырыктан) кийин гана уруксат берилет;
— ортодогу калыс балбандардын беттешин көзөмөлдөп, көп кыймылдабаган балбанга алгач эскертүү берип, дагы кайталанса күрөштү токтотуп, каршылашына 1 упай берилет;
— эки колу тең курдан чыккан балбанга айып катары атаандашына 1 упай ыйгарылат;
— курдан бир колду чыгарып үстүнөн ашырып кармап ыкма колдонбосо 10 секунд ичинде кайра карматылат;
— эки балбан бирдей абалда жыгылса эч кимисине упай берилбейт;
— күрөшүү тилкесинен атайын чыккан балбанга айып берилип, күрөш токтотулат, балабандар айланага алып келинет. Эки балбан тең кызыл тилкеден сырт жыгылса күрөш кайра ортодон башталат. Ыкма жасалып балбан кызыл тилкенин үстүнө денесинин көпчүлүк бөлүгү — эки далысы менен жыгылса утулду деп эсептелинет.
— күрөшкөн балбандар күрөш убагында ортодогу калыс өзү айтмайынча курларын, боолорун байлабайт, дарыгерге кайрылбайт.
— ыкма жасалганда талаш учур жаралса, көк же кызыл аркан түйүлүп капталдагы машыктыруучу тарабынан ортого ыргытылат. Башкы, ортодогу, капталдагы калыстар чечим чыгарат. Талаш маселе ыргыткан тараптын пайдасына чечилбесе каршылашына бир упай кошулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0