Кыл чайнашкан көк бөрү: "Ынтымак" быйыл да чемпион болду

© Sputnik / Табылды КадырбековФинальные соревнования по кок бору ко дню Нооруза на ипподроме в Бишкеке
Финальные соревнования по кок бору ко дню Нооруза на ипподроме в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чечүүчү кармашка "Ынтымак" менен "Достук" командалары чыккан

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү оюнунун финалдык беттешинде Ош дубанынын "Достук" командасы менен чыккан Талас облусунун "Ынтымак" командасы жеңишке жетти.

Оюндун биринчи бөлүгүндө "Достук" командасынын оюнчусу Манас Ниязов "Бойка" бууданы менен каршылаштарынын тайказанына улак салып эсеп санын ачты. Андан кийин да айыгышкан кармашуулар болгону менен эсеп саны өзгөргөн жок.

ТОП-13 улакчы. Аргымактар алкынып, эрлер жанын таштаганда - Sputnik Кыргызстан
ТОП-13 улакчы. Аргымактар алкынып, эрлер жанын таштаганда
Ал эми экинчи бөлүктө "Ынтымактын" улакчысы Азим Болот уулу "Геркулес" аты менен улак таштап эсеп санын теңеди.

Үчүнчү бөлүк башталаары менен "Ынтымактан" Нуржан Мелисбек уулу улак таштап, эсепти 2:1ге жеткирди. Андан кийин да катуу кармаш болуп, бирок эсеп өзгөрүүсүз калды да натыйжада баш байгени "Ынтымак" командасы багындырды.

Эскертке кетсек, былтыр да финалда Таластын "Ынтымак" менен Оштун "Достук" командалары кармашып 8:7 эсеби менен "Ынтымак" баш байгени илип кеткен. Ал эми үчүнчү орунду "Биримдик Аю" командасы эки жыл катары менен камсыздады.

Аталган турнир Нооруз майрамы жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп 15-мартта башталган. Анда өлкөнүн жети дубанынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 16 команда ат салышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0