Кыргызстан — Индия футболчуларынын оюнуна билеттер сатыла баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч между сборными Кыргызстана и Казахстана по футболу на стадионе имени Долона Омурзакова
Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Казахстана по футболу на стадионе имени Долона Омурзакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш 27-март күнү шаардык стадиондо өтөт

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Индия футбол командаларынын оюнуна билеттер сатыла баштаганын Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Азия кубогу — 2019" акыркы таймашынын тандоо турунун алкагындагы оюн 27-март күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо уюштурулмакчы.

Федерация тарабынан бекитилген билет баалары:

стадиондун түштүк тарабы — 250 сом;
чыгыш тарабы — 350 сом;
батыш тарабы — 500 сом.

Ал эми коноктор үчүн сектор (Индия жарандары үчүн) — 250 сом.

Матч Кыргызстан — Мьянма. Прямая трансляция - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан — Мьянма футболчуларынын беттеши. Видео
Стадиондун кассалары күн сайын саат 11.00дөн 19.00гө чейин иштемекчи. Күйөрмандар (Whatsapp) 0555 831 839 телефону аркылуу билеттерге буйрутма берсе да болот.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянма менен беттеште 5:1 эсебинде жеңишке жетип, 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатында ойной турган болду. Улуттук команда Индиядан жеңилип калган учурда да жолдомо жокко чыгарылбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0