Урмат Раушан уулу: көк бөрүдө "Ахиллес" менен тиреше алчу аргымак жок

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ынтымак" командасынын оюнчусу Урмат Раушан уулу "Ахиллес" аттуу аргымагы менен
Ынтымак командасынын оюнчусу Урмат Раушан уулу Ахиллес аттуу аргымагы менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноорузда өткөн көк бөрү турниринде "Ынтымак" командасынын атактуу "Ахиллес" аттуу тулпары алдына ат салдырган жок. Жекеме-жекеде каршылашына артын салып ээсине улакты эңүүгө шарт түзүп бергени байкалып турду. Натыйжада "Ынтымак" баш байгеге ээ болду.

Көк бөрү федерациясынын Талас облусу боюнча жетекчиси Талас Бегалиев "Ахиллести" 2013-жылы эки асыйында (беш жаш) Кара-Балта шаарындагы Марат аттуу саяпкерден 10 миң долларга сатып алган. Андан бери аргымак Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына эки жолу, Астанадагы көк бөрү чемпионатына жана өлкөдөгү ири мелдештерге чыгып көк бөрүнүн жылдызы болууга жетишти. 2014-жылы Көчмөндөр оюнунан кийин казакстандыктар 100 миң долларга чейин сунуштап сатып алууга кызыгышкан. Кыргызстанда бул бууданга тең келе турган аргымак дээрлик жок болсо, Казакстандын "Лазер" аттуу буудан жекеме-жекеде тирешүүгө чыкчу. Бирок жашы 20 асыйдан ашкан ал аргымак былтыркы чемпионаттан кийин өлүп калган.

Көк бөрү талаасында "Ахиллес" менен Урмат Раушан уулу беш жылдан бери улак тартып келет. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков мыкты тулпарды чапкан улакчы менен маек курду.

© Sputnik / Табылды КадырбековУрмат Раушан уулу: оюнга кышы бою даярдандык. Райондор аралык шерине уюштуруп, ар 15 күн сайын көк бөрү тартып жаттык
Турнир по кок бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Урмат Раушан уулу: оюнга кышы бою даярдандык. Райондор аралык шерине уюштуруп, ар 15 күн сайын көк бөрү тартып жаттык

— Быйыл да Ноорузда "Ынтымак" менен "Достук" командаларынын финалдан жолукканы көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, айыгышкан беттеш болду. Мындай кармашка туруштук берүү үчүн кандай даярдык көрдүңүздөр?

— Бул оюнга кыштан бери даярданып жатканбыз. Талас Бегалиев байкебиз райондор аралык шерине уюштуруп, ар 15 күн сайын көк бөрү тартып жаттык. Мындай оюндар кышы бою үзгүлтүксүз болуп турду. Бирден бир даярдыгыбыз деп ушуну айтсак болот.

— Ат үстүндө кармашуудан сырткары, машыгуу залына да барып турасыздарбы?

— Ооба, күн алыс машыгуу залына барабыз. Ал жактан булчуңдарды чыңоо үчүн чуркап, отуруп-туруп, турникке тартылып, гиря, штанга көтөрөбүз дегендей. Бир күн залга барсак, бир күн ат үстүндө ойноп машыгууну калтырбайбыз.

© Sputnik / Табылды КадырбековРаушан уулу: "Достук" командасы абдан катуу коргонуп тайказанына жолотпой жатты. Бирок жекеме-жекеге чыга турган аттары бир аз чабалыраак
Турнир по кок бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Раушан уулу: "Достук" командасы абдан катуу коргонуп тайказанына жолотпой жатты. Бирок жекеме-жекеге чыга турган аттары бир аз чабалыраак

— Бул оюнда командаңыздардын курамы да бир топ өзгөргөнү байкалды…

— Башында айтып өткөндөй, аймактар аралык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөткөндөр тандалып быйылкы командага жаңы алты оюнчу кошулду. "Геркулес", "Ак Куш", "Торнадо", "Ак Таноо" деген буудандар келди. Ал эми жаш курагы боюнча алганда оюнчулардын эң кичүүсү 23, улуусу 35 жашта. Негизи көк бөрүдө тулпардын 70 пайыз күчү менен күлүктүгү, улакчынын 30 пайыз чеберчилиги талап кылынат.

— Атаандаштарыңызга кандай мүнөздөмө бересиз?

— Чынын айтканда "Достук" командасы күчтүү оюн көргөздү. Алар коргонууну аябай күчтөп коюптур. Өзүңүздөр көргөндөй арттан кууп жетип, тайказанына жолотпой жатты. Бирок жекеме-жекеге чыга турган аттары бир аз чабалыраак. Бул жагынан "Ахиллес" мыктылыгын көрсөттү. Ошондуктан да биз тараптан жакшы чабуулдар жасалып жатты. Ал эми "Биримдик Аю" командасы бирден тосуу тактикасын жакшы өздөштүргөн. Каршылашынын алдын тороп коё бербейт.

© Sputnik / Эламан КарымшаковБылтыр Астанада өткөн көк бөрү чемпионатына барган Кыргызстандын курама командасы
Команда по кок бору Ынтымак из Таласа - Sputnik Кыргызстан
Былтыр Астанада өткөн көк бөрү чемпионатына барган Кыргызстандын курама командасы

— Жекеме-жекеге чыкканда "Ахиллес" каршылашын жөөлөп улакка жакындатпай адам сыяктуу эстүүлүгүн көрсөтүп жатты. Муну атайын үйрөткөнсүздөрбү?

— Өзүнүн ушундай шыгы бар. Дайым чыга берип көнүп калган, үстүндөгү адам эмнени ойлоп жатканын сезип турат. Азырынча бул бууданга тең келген атаандаш чыга элек. "Ахиллести" 2013-жылы жаңы алганда Алтынбек Кожогелдиев деген байкебиз минип жүргөн. Бир аз убакыттан кийин ал пенсияга чыгып, мага өткөрүп берген. Ошондон бери оюндарга мен минип чыгып жатам. Учурда аттардын баары Бишкекте багылат. Жем-чөбүн берип таптаган атайын саяпкерибиз бар.

— Оюн учурунда аттар жыгылып, өзүңүздөр улак менен кошо тайказанга ыргып түшүп жаттыңыздар. Катуу жаракат алган учурларыңыз болгонбу?

— Андайлар анда-санда болуп турат. Бир колум акырегинен чыгып кеткен, бутум, жаагым сынган. Сырттан карап турганда жыгылгандарды көрүп коркосуң. Бирок өзүң ойноп жатканда баары унутулуп коркуу сезими жоголуп кетет.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ахиллес" беш жылдан бери көк бөрүгө чабылат. Дайым чыга берип көнүп калган, үстүндөгү адам эмнени ойлоп жатканын сезип турат
Турнир по кок бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Ахиллес" беш жылдан бери көк бөрүгө чабылат. Дайым чыга берип көнүп калган, үстүндөгү адам эмнени ойлоп жатканын сезип турат

— "Көк бөрү кыргыздын канына сиңген оюн" деп бекеринен айтылбаса керек. Сизге кан аркылуу келген десем жаңылбаймбы?..

— Атам Раушан да улак тартып жүргөн киши эле. Тайларым да ат чабат. Өзүм Таластын Кара-Буура районундагы Бакайыр айылында туулуп өстүм. Балалыгымдан эле улак тартканга кызыкчумун. 19 жашымдан тарта чоң көк бөрүгө аралаштым.

— Өзүңүз үй-бүлө кургансызбы, балдарыңыз да улакчы болом десе каршы болбойсузбу?

— Азырынча балалуу боло элекпиз. Мындан беш ай мурун үйлөнгөм. Кыргыздын ар бир азаматы ат үстүндө ойнош керек дейт эмеспи. Андыктан уулумдун да улакчы болушун каалайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0