Кыргызстандык WEF ProfFight 20 турнири Казакстанда өтөт

Жазылуу
Турнирде Кыргызстандын, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россиянын мушкерлери күч сынашат

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Кулатуу эр таймаш спорттук уюму кезектеги турнирин Казакстанда өткөрөт. Бул тууралуу аталган федерациянын маалымат кызматы билдирди.

WEF ProfFight 20 эл аралык мелдеши 31-мартта Казакстандын Байконур шаарындагы Сатурн кинотеатрында болмокчу. Анда жалпысынан 15 беттеш каралган.

Встреча чемпиона Азии по греко-римской борьбе среди юниоров Акжола Махмудова в Оше - Sputnik Кыргызстан
Ош: Азия чемпиону Акжол Махмудовду тосуп алып, асманга көкөлөтүп ыргытышты
Турнирде Кыргызстандын, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россиянын мушкерлери күч сынашат.

WEF (ред. — World Ertaymash Federation) — Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясы. WEF турнирлери спортчулардын деңгээлине жараша төрт серияда өтөт. "Amateur" — каалаган мушкер катыша алат, башкача айтканда, эрежесиз урушка кадам таштайт, "Selection" — спортчулар деңгээлине жараша тандалып, жеңип чыккандар уюмдун кийинки "Proffight" баскычында ат салыша алат, "Proffight" — профессионалдуу мушкерлер күч сынашат, "Global" — эң мыкты спортчулар чемпиондук кур үчүн кыл чайнашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0