Мушкер. Архивдик сүрөт

Жалал-Абад шаарында ММА боюнча өлкө биринчилиги өткөрүлөт

182
(жаңыланган 10:22 26.03.2018)
Анда мушкерлер сегиз салмактык категория боюнча күч сынашат

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында ММА боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төртүнчү жолу өтчү чемпионат 19-21-апрель күндөрү уюштурулат. Мелдеште 18 жаштан жогору курактагы мушкерлер сегиз салмактык категория арасында күч сынашат.

Аталган спорттук иш-чаранын жеңүүчүлөрү май айында Кытайда өтчү Азия чемпионатына жолдомо алат.

182
Белгилер:
чемпионат, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкектеги ММА турниринин башкы беттештери. Видео
Бишкекте аралаш мушташ боюнча WEF Global 11 турнири өттү. Тексттик трансляция
ММА, Панкратион федерацияларынын президенти Өмүрзаков: эрежесиз эр урушка каршымын
Жеңил атлетчилер марафон учурунда. Архив

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Беларуста бир нече медаль алышты

8
(жаңыланган 00:16 08.03.2021)
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар баш-аягы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Кыргызстанские легкоатлеты во время соревнований в Беларуси
© Фото / пресс-служба федерации легкая атлетика КР
Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды

Маалыматка ылайык, Минск шаарындагы мелдеште узундукка секирүү боюнча Светлана Майер биринчи орунга жетип алтын медалга татыган. Анастасия Бондаренко 200 жана 60 метрге чуркап коло менен күмүш медаль алса, ал эми Артем Слесаренко 60 метрге чуркап коло медалга ээ болгон.

Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.

Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты. 

8
Белгилер:
медаль, мелдеш, жеңил атлетика, Беларусь
Тема боюнча
Надыров: Ысык-Көл марафонунун байге фонду 1 млн. 44 миң сомду түзөт
ШКУнун эл аралык марафону 15-майда Чолпон-Ата шаарында старт алат
Ош шаарындагы самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты

Ош шаарында 400дөн ашуун самбочу КР чемпионатына катышууда. Сүрөт

33
(жаңыланган 18:45 07.03.2021)
Мелдешке бардык облустун спортчулары келди. Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланмакчы.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ош шаарында самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталып, ага 400дөн ашуун спортчу катышууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине вице-мэр Эмиль Шадыханов, Самбо федерациясынын жетекчилиги, машыктыруучулук курам, спортчулар жана күйөрмандар катышты.

  • Ош шаарында самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталып, ага 400дөн ашуун спортчу катышууда
    Ош шаарында самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталып, ага 400дөн ашуун спортчу катышууда
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады
    Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине вице-мэр Эмиль Шадыханов, Самбо федерациясынын жетекчилиги, машыктыруучулук курам, спортчулар жана күйөрмандар катышты
    Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине вице-мэр Эмиль Шадыханов, Самбо федерациясынын жетекчилиги, машыктыруучулук курам, спортчулар жана күйөрмандар катышты
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Чемпионатка өлкөнүн булуң-бурчунан келген жүздөгөн самбочу катышып жатканы белгиленди
    Чемпионатка өлкөнүн булуң-бурчунан келген жүздөгөн самбочу катышып жатканы белгиленди
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Жеңүүчүлөр  медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланмакчы
    Жеңүүчүлөр  медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланмакчы
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • 
Турнирди аталган федерация Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте өткөрүп жатат
    Турнирди аталган федерация Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте өткөрүп жатат
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Ош шаарындагы самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты
    Ош шаарындагы самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 7
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарында самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталып, ага 400дөн ашуун спортчу катышууда

Чемпионатка өлкөнүн булуң-бурчунан келген жүздөгөн самбочу катышып жатканы белгиленди.

Жеңүүчүлөр  медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланмакчы.

Турнирди аталган федерация Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте өткөрүп жатат.

33
Белгилер:
сүрөт, спорт, чемпионат, самбо, Ош
Тема боюнча
Торпокту такымга басып чаң ызгыткан эрендер. Аламан улактан кызыктуу сүрөттөр
Абдурахманхаджи Муртазалиев КРдин эмгек сиӊирген спорт чебери наамын алды
Дзюдо боюнча Бишкекте өтчү Азия жана Океания мелдешинин расмий постери чыкты