Эртең Кыргызстан менен Индиянын футболчулары Бишкекте беттешет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары машыуу учурунда. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары машыуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн саат 20:00дө Бишкек калаасындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорттук стадиондо башталат

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Борбор калаада 27-мартта футбол боюнча Кыргызстан менен Индиянын курама командалары беттешет. Оюн келерки жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына тандоо алкагында өтөт.

Матч Кыргызстан — Мьянма. Прямая трансляция - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан — Мьянма футболчуларынын беттеши. Видео
Беттеш саат 20:00дө Бишкек калаасындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорттук стадиондо башталат.

Кыргызстандын командасы Мьянманын курама командасын 5:1 эсебинде жеңгенден кийин 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган. Кыргызстан бул оюндан жеңилип калган учурда да жолдомо жокко чыгарылбайт.

Бир нече күн мурда бул оюнга билеттер сатыла баштаган. Анын бааларын бул жерден билсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0