Айыл элин бекер машыктырган Москва чемпиону Бообек: элеттен да миллион тапса болот

© Фото / Нурболот МамбеталиевЮрист, каратист и фермер Бообек Нурматов
Юрист, каратист и фермер Бообек Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Студент, комсомол, спортчу жана жөн гана сулуу" деп Леонид Гайдайдан каарманы Нинаны сүрөттөшөт эмеспи. Мен дагы бүгүнкү маектешимди бир нече таамай сөз менен сыпаттагым келди.

Аксылык Бообек Нурматов юрист, каратэчи, фермер жана жөн гана кыргыздын жигити. Бишкекте юридикалык окуу жайды аяктап, бирок жумуш таппай калгандыктан, 2000-жылдардын башында миңдеген кыргыз сыяктуу Россияга кетип калган. Ал жактан тапканын коромжу кылбай чогултуп, өз айылында дүкөн ачкан.

Sputnik агенттиги быйылкы "Аймактарды өнүктүрүү жылында" айыл-кыштактарда ак эмгеги менен ишкерлик кылып, бутуна турган мекендештерди үлгү катары көрсөтүүнү максаттап, Бообек Нурматовду дагы кепке тарттык. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБообек Нурматов: кеңседе отургандан көрө өзүмдү тоонун башындагы таштын үстүндө эркин сезем
Юрист, каратист и фермер Бообек Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Бообек Нурматов: кеңседе отургандан көрө өзүмдү тоонун башындагы таштын үстүндө эркин сезем

— Бообек мырза, Россияда канча жыл жүрүп, эмне иш кылдыңыз?

18-я Российская агропромышленная выставка Золотая осень - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы аймагында уй багуу пайдалуу? Адистердин кеңеши
— Кыргызстандан кетип жатканда жумуш табылбагандан кийин эмнеге юридикалык билим алдым экен деп абдан капа болгом. Ошентип Челябинск шаарына барып калдым. Башында бардык эле мигранттардай бир топ азап чектим, курулушта иштетим. Адам батпаган будкаларда жатып, ишти бүтүрүш керек деп иштеген жерде түнөп калган учурлар болду. Күндөрдүн биринде Камбар Пусуров аттуу мекендешибиз түзгөн "Ата Мекен" диаспорасы чогулган жерге барып, Камбар агай менен таанышып калдым. Жылдызыбыз келишти. Кесибим юрист экенин айтсам, ал "бизге талаа-түздө билимдүү адамдар керек, мага келип жардам берип тур" деди. Ошентип курулуш менен катар анын колунда юридикалык конкультант болуп иштеп жүрдүм. Курулуштагы балдар саат алты болору менен эс алабыз деп кетип калышчу. Мен күндүр-түндүр телефонумду өчүрбөйм. Кайсы учур болбосун кайрылган мекендештерге жетип барчумун. Кийин ошол эле Пусуровдун жардамы менен Москвага барып, юрист болуп иштей баштадым. Ал жакта жумуш, мүмкүнчүлүктөр, акча абдан көп эле. Бутум бутума тийбей иштеп жүрүп, кеч курун баса албай калган күндөр болгон. Бирок Россияга барганыма туура үч жыл болгондо үйгө кайттым. 
© Sputnik / Табылды КадырбековБообек Нурматов жогорку билим алгандан кийин жумуш таппай калып, Россияга кетүүгө аргасыз болгон
Юрист, каратист и фермер Бообек Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Бообек Нурматов жогорку билим алгандан кийин жумуш таппай калып, Россияга кетүүгө аргасыз болгон

— Өз кесибиңиз менен иштеп, жакшы акча таап жаткан жерден эмнеге бат эле кетип калдыңыз?

— Ата-энем карып кете электе, жанына барып уулдук милдетимди аткарайын дедим. Анүстүнө мени дайыма айылга тартып турат. Кеңседе отуруп иштегенге караганда, өзүмдү тоонун башындагы таштын үстүндө эркин сезем. Негизи миллиондорду кыштактан деле тапса болот. Болгону кандай гана иш болбосун тобокелчиликке салып, мээнет кылуу керек. Бул жагынан мен ар бир кыргыз үй-бүлөсүндө айтылып келген "эрте тур" деген принципти катуу карманам. Саат тогузда тургандан көрө алтыда турсаң, ишке жөндөмүң күчөп, убактың кененирээк болот. 

— Келип эле бизнес баштадыңызбы анан?

Фермер Тажибаев: Бөдөнөнүн жини тумшугунун учунда. Чочуса да жумуртка туубай коет - Sputnik Кыргызстан
Фермер Тажибаев: бөдөнөнүн жини тумшугунун учунда. Чочуса да жумуртка туубай коет
— Жок, өз кесибим менен иштейм деп Таш-Көмүр шаардык мэриясына жумушка кирдим. Бирок ал жакта иштеш оор экен. Улам бир сотко барып жүрүп, жол кирем айлыгыман ашып кеткен күндөр болду. Мындан көтөрүлө албасымды түшүндүм дагы, айылдагы Советтер Союзунан калган дүкөндү сатып алдым. Мурдатан бери дүкөн иштетип жүргөн туугандардан сурасам, товарга канча акча кетирсең, дал ошончо сумма кассада турушу керек дешти. Анткени айыл эли көбүнчө карызга алышат. Алар акчаны кайтарып бергиче товардын ордун толтуруп турууга каражат керек экен. Ал акчаны Россияда калган тааныштардан сурадым. Алар мага пайызы жок эле, жөн гана акчасын сактоого бергендей болушту. Кийин бардыгын кайтарып бердим. 
© Фото / Бообек НурматовФермер: 20-25 козуну бир сатканда эле 120 миң сомдой таза киреше табасың
Юрист, каратист и фермер Бообек Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Фермер: 20-25 козуну бир сатканда эле 120 миң сомдой таза киреше табасың

— Дүкөндү канча убакытта кеңейте алдыңыз?

— Дүкөн акырындык менен өзүн актап, товар көбөйүп жатты. Кирешенин бир бөлүгүн малды көбөйтүүгө жумшадык. Негизи ата-энемдин чакан сарайы, малы бар болчу. Мен ошол сарайды кеңейтип салып, малды асылдаштырдым. Кеңейттим дегеним, кандай гана мал болбосун ал семирип, жакшы төлдөш үчүн жылуу-жумшак жай, жакшы шарттар керек. Анткени сарай, тоют жакшы болбосо, малыңдын башы канчалык көп болсо дагы пайдасы тийбейт.

— Азыр канча малыңыз бар?

— 60ка чукул кой, 10дой уй, 15тей жылкы.

— Буларга жылына канча чыгым болуп, канча киреше көрөсүз?

Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл дыйкандар эмнелерди отургузса утулбайт? Айыл чарба министрлигинин сунушу
— 60 койдон аз дегенде 60 козу алабыз. Анткени көпчүлүгү эгиздеп төлдөйт. 5-6 айлык болуп чоңоюп калганда коңшу Өзбекстанга киргизип сатып жүрдүк. Жаш козунун эти абдан даамдуу болгондуктан, конокко соебуз деп көп алышат. Баасы 5 миң сомдон 8 миң сомго чейин жетет. 20-25 козуну бир сатканда эле 120 миң сомдой таза киреше табасың. Мал баккандар уйлар эркек тууса дагы сүйүнөбүз. Анткени бир жай жайлоого чыгып келген 7-8 айлык бука торпоктор базарда абдан жогору бааланат. 1,5 жылдык малдан баасы күз айларында 15-20 миңге араң чыкса, 8 айлык торпоктуку 22 миңден 36 миң сомго чейин барат. Жылкыны биз өзүбүз кымыз ичиш үчүн багабыз.

Ал эми малга кеткен чыгымды мен чыгым деп эсептебейм. Анткени тоютка кеткен чыгымдын ордуна мал бизди жыл бою эт менен камсыз кылат. Мындайча айткада, эки тарапка тең пайладуу иш. Эт менен сүттү эсептебегенде малдан жылына 500 миңден 800 миң сомдун тегерегинде киреше түшөт.

© Sputnik / Табылды КадырбековМосквада буту-бутуна тийбей иштеп жүрүп, кеч курун баспай калган күндөр болгонун айтат
Юрист, каратист и фермер Бообек Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Москвада буту-бутуна тийбей иштеп жүрүп, кеч курун баспай калган күндөр болгонун айтат

— Мал чарба жана дүкөндү кошкондо канча киши иш менен камсыз болгон?

— Чарбабыз агам экөөбүздүн ортобузда. Ошондо агам, жеңем, алардын уулу жана келинчегим экөөбүз болуп, беш адам иштейбиз. Киреше дайыма ортодо. Кимге канча каражат керек болсо кеңешип туруп, дүкөндөн же малдан чыгарып алабыз. Мисалы, өткөндө агамдын кызынын жүрөгүнө тез арада операция жасатуу зарыл болуп калды. Ага 150 миң сом керек экен. Мал сатып, жасаттык. Ошентип өз мээнетибиз менен тапкан малыбыз бир адамдын өмүрүн сактап калды. 

— Айылдын балдарын каратэге машыктырып жүргөнүңүздү уккам. Өзүңүз юрист, фермер болсоңуз, каратэге кандай тиешеңиз бар?

— Бала кезден эле чыгыш таймаш өнөрүнө кызыкчумун. Студент кезде дагы спортчу болом деп эңсеп, бирок спорттун бир дагы түрүнүн өтөсүнө чыга албадым. Баса, булчуңдарды чыгарам деп залга көп эле бардым. Бирок студенттин курсагы тойбогондон кийин машыгуудан пайда жок экен да. Аны кийин түшүнүп атпайынбы (күлүп). Окууну аяктагандан кийин Жалал-Абадга барсам атамдын бир туугандарынын мени менен окуган эки уулу каратэ боюнча облус чемпиону болушуптур. Ошондогу ээликкенимди сурабагыла. Мен канча жылдан бери жетпей жүрсөм, мени менен катар чоңойгон балдар чемпион болуп атпайбы. Аларды машыктырган Жапарали Маматов агайга мен да жазылып, каратэ менен машыга баштадым. Кийин Россиядан айтылуу машыктыруучу Макен Исаковдун колуна түшүп, Москва шаары жана Москва облусу боюнча абсолюттук чемпиону болдум. Ушул эки агайымдын адамгерчилигин, элге кылган мамилесин, балдар арасындагы кадыр-баркын көрүп, мен дагы ушулардай болуп бала тарбияласам деп тилек кылчумун. Былтыр өзүбүздүн айылда чакан зал ачкам. Учурда 120 бала машыгып жатат. 

© Фото / Нурболот Мамбеталиев2007-жылы Москва шаары жана Москва облусу боюнча абсолюттук чемпиону болгон
2007-жылы Москва шаары жана Москва облусу боюнча абсолюттук чемпиону болгон - Sputnik Кыргызстан
1/4
2007-жылы Москва шаары жана Москва облусу боюнча абсолюттук чемпиону болгон
© Фото / Нурболот МамбеталиевУчурда Бообековдун залында 120 адам бекер машыгат
Учурда Бообековдун залында 120 адам бекер машыгат - Sputnik Кыргызстан
2/4
Учурда Бообековдун залында 120 адам бекер машыгат
© Фото / Нурболот МамбеталиевБообек Нурматовдун машыгуу залына кыздар дагы келе баштады
Бообек Нурматовдун машыгуу залына кыздар дагы келе баштады - Sputnik Кыргызстан
3/4
Бообек Нурматовдун машыгуу залына кыздар дагы келе баштады
© Фото / Нурболот МамбеталиевАлматы шаарында өткөн эл аралык мелдеште Аксы райондук каратэ-до федерациясы экинчи орунду ээледи
Алматы шаарында өткөн эл аралык мелдеште Аксы райондук каратэ-до федерациясы экинчи орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан
4/4
Алматы шаарында өткөн эл аралык мелдеште Аксы райондук каратэ-до федерациясы экинчи орунду ээледи
1/4
2007-жылы Москва шаары жана Москва облусу боюнча абсолюттук чемпиону болгон
2/4
Учурда Бообековдун залында 120 адам бекер машыгат
3/4
Бообек Нурматовдун машыгуу залына кыздар дагы келе баштады
4/4
Алматы шаарында өткөн эл аралык мелдеште Аксы райондук каратэ-до федерациясы экинчи орунду ээледи

— Акы төлөшөбү?

— Жок, бекер эле.

— Канча убакыт болду, балдардын ийгилиги билине баштадыбы?

Породистые животные в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тукумдуу мал кандай болорун билесизби? Кой-эчки, жылкы, топоз, уй
— Ишибиз мыйзамдуу болсун деп Аксы райондук "Сетокан карате-до интернэшнл" федерациясын түзгөм. Биринчи 28 бала бар болчу. Аларды 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарган Бишкектеги мелдешке алып келип 19 мадель тагынып кеттик. Айылга барарыбыз менен теледен келип тартышты, район жетекчилиги жеңүүчүлөргө ардак грамоталарын, мага 3000 сом сыйлык беришти. Суук түшүп келе жаткан мезгил эле, дароо эле залга деп жылыткыч алып койдум. Ошондон 20 күн өтүп-өтпөй эле балдардын саны 75ке жетти.

Экинчи жолу Чүй универститетинин негиздөөчүсү Султан Мамбеткалиевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдешке 21 бала келип, 20 медалга ээ болду. Барсак эле балдарыбыздын саны 95ке жетип калыптыр. Четинен кыздар дагы келе баштады. Азыр бардыгы 120 киши келип жатат. Негизги бөлүгү мектеп окуучулары, бирок арасында 50гө чыгайын деп калган адамдар дагы бар. Ал эми 25-март күнү Алматы шаарында өткөн эл аралык мелдеште биздин балдар Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясы биригип барып, 10 алтын, 7 күмүш жана 15 коло медаль утушту. Турнирдин жыйынтыгы боюнча жалпы командалык эсепте Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясы биринчи, Аксы райондук каратэ-до федерациясы экинчи орунду ээледи. 

© Фото / Нурболот МамбеталиевНурматов: балдарды бекер машыктырганым өлкөмө кошкон салымым деп эсептейм
Юрист, каратист и фермер Бообек Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Нурматов: балдарды бекер машыктырганым өлкөмө кошкон салымым деп эсептейм

— Абдан жакшы кабар, куттуктайбыз! Машыктырган үчүн акча албасаңыз, зал, анын майда-чүдө чыгымдарын өз чөнтөгүңүздөн төлөйсүзбү?

— Биздин дүкөндүн мурдагы кампасын зал кылып койгонбуз. Андыктан залыбыз бекер. Ичине анча-мынча жабдууларды алганга улам бир ийгиликке жетишип барган сайын ата-энелер жардам берип турушат. Өзүмдүн машыктыруучуларымдын "кандай гана улуу иш болбосун, ал бекер жасалышы керек, эл өзү колдоп, көтөрүп кетет" деген сөзү мага түрткү болуп келет. Ушул кылганым менен жаштарга кичине болсо дагы жарыгым тийип, кимдир бирөөгө үлгү боло алсам, ошол өлкөмө кошкон салымым деп эсептейм.

Баса, Sputnik агенттиги региондордун өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан нарындык миллионер кыз Замира Омората менен маектешкен.

Ал 28 жашында атасынан калган мал-жанга кантип ээлик кылып, азыр канчага көбөйткөнүн айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0