12 машина уткан "Вулкан", 40 миң доллар тапкан "Карат". Эң мыкты буудандар кимдики?

© Sputnik / Табылды КадырбековЛучший иноходец — Ганк. Сейчас в Кыргызстане нет ему равных
Лучший иноходец — Ганк. Сейчас в Кыргызстане нет ему равных - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бекеринен ат — адамдын канаты деп айтылбаса керек. Жоокердик заманда аргымак эр жигит үчүн алмашкыс жолдош болсо, заманбап жашоодо улуттук оюндардын көркүн ачып, анан да ээсине баар таап берип жүрөт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги алдыга башканы салдырбаган, туягынан от чыккан мыкты күлүк менен жорголорду тизмектеп көрдү. Материал өлкөдөгү "Аргымак" федерациясынын колдоосу менен жасалды.

Кыргызстандагы эң мыкты жорголор

1. Вулкан 

© Фото / предоставлено федерацией национальных конных игр "Аргымак"Кыргызстандагы эң мыкты жорголордун бири — Вулкан
Лучшие иноходцы КР — Вулкан - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң мыкты жорголордун бири — Вулкан

Тукуму — орус таскагы

Жерлиги — Чүй облусунун Ысык-Ата районунан

Жашы — 7

Ата-энеси — Валдай жана Виктория

Багылган жылкы чарбасы — "Ашырбек Ата"

Ээси — Султан Маткеримов

Саяпкери жана чабандеси — Мыктыбек Токтосунов

Спорттук карьерасында 12 автоунаа уткан.

2. Ганг 

© Фото / предоставлено федерацией национальных конных игр "Аргымак"Суу төгүлбөс жорго — Ганг
Лучший иноходцы Кыргызстана — Ганг - Sputnik Кыргызстан
Суу төгүлбөс жорго — Ганг

Тукуму — орус таскагы

Жерлиги — Нарын

Жашы — 9

Ата-энеси — Натиск жана Гисса

Ээси — Турсунаалы Мамбеаитов

Саяпкери — Керим Өмүралиев

Чабандеси — Авазкан Каныбек уулу

Спорттук карьерасында 7 автоунаа уткан. 2016-жылы "Мыкты жорго" номинациясын утуп алган.

3. Герда-Лок 

© Фото / предоставлено федерацией национальных конных игр "Аргымак"Төрт аягы төп келген — Герда-Лок
Лучшие скакуны КР —  Герда-Лок  - Sputnik Кыргызстан
Төрт аягы төп келген — Герда-Лок

Тукуму — орус таскагы

Жерлиги — Бишкек

Жашы — 4

Атасы жана энеси — Айвори Ас жана Герцогиня

Багылган жылкы чарбасы — "Кулагер"

Ээси — Шавкет Тохтиев

Саяпкери — Мирзат Шүгүралиев,

Чабандеси — Алтынбек Каныбек уулу.

Спорттук карьерасында 2 автоунаа уткан. Мыкты кунан жорго (2016), Мыкты бышты жорго (2017).

Өлкөдөгү эң мыкты күлүктөр

1. Карат 

© Фото / предоставлено федерацией национальных конных игр "Аргымак"Ээсине баар тапкан берген — Карат
Лучшие иноходцы КР — Карат - Sputnik Кыргызстан
Ээсине баар тапкан берген — Карат

Тукуму — кыргыз бээси менен англис жылкысы аргындаштырылган

Жерлиги — Аламүдүн району

Жашы — 6

Ата-энеси — Доран менен Нуркыз

Ээси — Айдар Үтүров

Саяпкери — Солдат Раймалиев

Чабандеси — МаликТурар уулу

Спорттук карьерасында 7 авт унаа жана 40 000 доллар уткан

2. Байтору

© Фото / предоставлено федерацией национальных конных игр "Аргымак"Туягынан өрт чыккан — Байтору
Лучшие скакуны КР — Байтору - Sputnik Кыргызстан
Туягынан өрт чыккан — Байтору

Тукуму — таза кандуу англис жылкысы

Жерлиги — Нарын

Жашы — 3

Ата-энеси — Баллингари жана Нью Бридж

Ээси — Турсунаалы Мамбеаитов

Саяпкери — Керим Өмүралиев

Чабандеси — Адыш Турат уулу

Спорттук карьерасында 2 автоунаа уткан. Казакстандын президенти менен "Тайтору" кубогунда (31 чакырым) — I орун (2017). Көчмөндөр оюнундагы кунан чабышта — I орун (2016).

3. Тумар 

© Фото / предоставлено федерацией национальных конных игр "Аргымак"Улуттук оюндун көркүн ачкан — Тумар
Лучшие скакуны КР — Тумар - Sputnik Кыргызстан
Улуттук оюндун көркүн ачкан — Тумар

Тукуму — кыргыз бээси менен англис жылкысы аргындаштырылган

Жерлиги — Бишкек

Жашы — 3

Ата-энеси — Трон жана Жакара

Ээси — Жетен Байкулаков

Саяпкери — Дүйшөбай Намазов

Чабандеси — Балбай Илияев

Спорттук карьерасында 3 автоунаа уткан

Жаңылыктар түрмөгү
0