ДКО: мыкты спортчулар "Көчмөндөр оюнунун жеңүүчүлөр китебине" кирет

© Sputnik / Табылды КадырбековII Дүйнөлүк көчмөндөр оюнундарыгын катышуучулары. Архив
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнундарыгын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна биринчи жолу "Көчмөндөрдүн улуу күрөшү" жана "Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жеңүүчүлөр китеби" киргизилди.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Көчмөндөр оюнунун жобосу бекитилип, 104 мамлекетке чакыруу жиберилди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Жобого ылайык, спортчулар спорттун 37 түрү боюнча ат салышат. Алардын бардык түрүндө тең эркектер күч сынашса, 16сына кыз-келиндер катышат.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөн элдердин маданий мурастары менен баалуулуктары изилденип жатат
Мелдешке ата мекендик жана чет элдик спортчулар катышууга укуктуу.

Спорттук делегат 223 кишиден ашпоого тийиш жана катышуучулардын жаш курагы 18ден өйдө болушу керек.

Ошондой эле катышуучулар улуттук оюндар боюнча көргөзмө мелдеш тартуулай алат.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна биринчи жолу "Көчмөндөрдүн улуу күрөшү" жана "Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жеңүүчүлөр китеби" киргизилди.

Көчмөндөрдүн улуу күрөшү, көк бөрүнү жана салттык жаа атуу боюнча мыкты спортчулар атайын наамга ээ болуп, "Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жеңүүчүлөр китебине" киргизилет.

Спроттун түрлөрү:

1.Ордо
2. Ат чабыш
3. Кунан чабыш
4. Жорго салыш
5. Бышты жорго
6. Кыска аралыкка ат чабыш
7. Алыскы аралыкка ат чабыш
8. Көк бөрү
9. Эр эӊиш
10. Алыш
11. Ашыртмалы аба гюреши
12. Гореш
13. Гуштини милли камарбанди
14. Гюлеш
15. Казак куресы
16. Кураш
17. Кыргыз күрөш
18. Монгол бох
19. Пахлавани
20. Самбо
21. Ссирым
22. Сумо
23. Көчмөндөрдүн улуу күрөшү
24. Аркан тартыш
25. Мас-рестлинг
26. Армрестлинг
27. Тогуз коргоол
28. Мангала
29. Овари
30. Салттуу жаа атуу (Кыргызстан)
31. Салттуу жаа атуу (Түркия)
32. Салттуу жаа атуу (Корея)
33. Атчан жаа атуу
34. Алыска таамай атуу
35. Бүркүт салуу
36. Далба
37. Тайган жарыш.

Жаңылыктар түрмөгү
0