Кыргызстан FIFA рейтингинде 40 орунга көтөрүлүп, секирик жасары божомолдонду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын командасы соңку айда эки оюнда жеңүүчү болгондуктан, рейтинг боюнча рекорд коюшу мүмкүн

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. football-rankings.info сайтынын эсеби боюнча апрелдеги FIFA рейтингинде Кыргызстан футбол боюнча 75-орунда болот.

2016-жылдын октябрь айында рекорд коюп, 99-орунга чыгып, бирок кийин анысын алдырып жиберген.

Сайттын аналитиктеринин пикиринде, жаңыланган рейтингде Кыргызстандын курама командасы 40 позицияга көтөрүлүп, ал эми упайы 142ден дароо 424кө көтөрүлөт.

Главный тренер национальной сборной Кыргызстана по футболу Александр Крестинин - Sputnik Кыргызстан
"Кайра кетем!" Александр Крестинин тууралуу 5 факты
Акыркы ирет жаңылангандан тарта (15-март) Кыргызстандын улуттук курама командасы Мьянма командасын жеңип, Азия чемпионатына мөөнөтүнөн эрте чыга турган болгон (айтмакчы, бул тарыхта биринчи ирет болуп отурат). Бир нече күндөн кийин тандоо турунда Индиянын командасын утуп кетти.

Ошентип КРдин курама командасы сайттын божомолунда рекордун кадыресе жаңылап, кескин секирик жасаган мыкты команда болмокчу.

Рейтингдин кезектеги жаңылануусу 12-апрелде болору айтылууда.

Айтмакчы, мындай ийгиликтерден кийин президент Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча курама команда менен жолугуп, 1 миллион сом берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0