Кыргыз "Тайсону" Канат: мелдештерде 6 миң доллар, Honda Accord утуп жүрөм

© Sputnik / Табылды КадырбековНаграждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жолу кесиптешим "Тайсондун Көлдө мушташкан видеосун монтаждап койдум" десе, баарыбыз таң калганбыз. Оозду жыйгыча ал Тайсон деген каймана ат менен таанымал кыргыз мушкери Канат Келдибеков экендигин айтты.

Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
ТОП-11. ММА мушкерлери Кыргызстанды дүйнөгө таанытабы?
Канат Келдибеков 1991-жылы Нарын районунун Төш-Булак айылында туулган, аралаш мушташ боюнча Кыргызстандагы алдыңкы мушкерлердин бири. Бардык спортчулардын рейтингин аныктаган дүйнөлүк Sherdogg порталындагы көрсөткүчү 9-3-0.

Келдибеков эмне үчүн "Тайсон" атка конгонун алдыдагы маектен жана сүрөттөрдөн көрө аласыздар.

— Жыл башында кыргызстандык FFC (Falсo Fighting Championship) лигасынын турниринде жеңүүчү аталдыңыз. Эми алдыда кандай пландар бар?

— FFC турниринин биринчи раундунда эле атаандашымды техникалык нокаут менен жеңип алдым. Ошондо агайым Руслан Ниязакунов элдин алдында "эми мындан кийин "Ахмат" лигасында күчүңдү сынайсың" деп жар салды. Көрсө мага айтпай ал уюм менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүптүр. Эгер ал жактан жакшы беттеш көрсөтүп жеңишке жетсем, келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк болот экен.

Турнир 5-майда өтөт, даярдыктар кызуу. Бишкектеги ММА академиясында тарбияланам. Кошумча эртең менен сууда сүзөм. "Гермес-Профи" клубуна бешинчи күндөрү кикбокска барууну пландап жатам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз мушкери Канат Келдибеков: чет элдик спортчулар сегиз бурчтуктан күрөшүүгө басым жасайт экен. Жыгып алса эле болду, кое бербей аягына чейин алыңды кетирет
Боец смешанных единоборств Канат Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз мушкери Канат Келдибеков: чет элдик спортчулар сегиз бурчтуктан күрөшүүгө басым жасайт экен. Жыгып алса эле болду, кое бербей аягына чейин алыңды кетирет

— Дүйнөдөгү спорттук уюмдардын рейтинги боюнча төртүнчү орунда турган ACB лигасынын (Absolute Championship Berkut) турниринде кантип күч сынашып калгансыз?

— Беттештеримди менеджерим Марат Бекмуратов сүйлөшүп берет. ACBде эки беттеш өткөрүп, калыстардын чечими менен жеңилип калгам. Бирок мушкерлер үчүн беделдүү уюмда ат салышуунун өзү сыймык. Чет элдик спортчулар сегиз бурчтуктан күрөшүүгө басым жасайт экен. Жыгып алса эле болду, кое бербей аягына чейин алыңды кетирет. Көп учурда башка бир мушкерлердин ордуна алмашып чыгып калабыз. Колдон келсе даярданып чыккан жакшы.

— Спорттогу жолуңузду бокстан баштап, кийин эрежесиз урушка өтүшүңүзгө эмне себеп болду?

— Бокс менен үч жыл алектендим. Мында калыстар упай менен тарта берет. 2012-жылы панкратионго кетип, андан ары эрежесиз урушка өтүп кеттим.

— Эрежесиз урушта жакшы акча төлөнөт дешет?

— Ар кандай. Маселен өлкө ичиндеги турнирлердин бири төлөсө, экинчисине бекер чыгабыз. Бирок тажрыйба топтогонго чоң көмөк көрсөтүштү.

Сыртта жакшы. Маселен, ACB лигасында утсаң 2000 доллар, утулсаң 1000 доллар болчу. Мен жеңилип калгам, бирок 1000 долларга кошуп 5000 доллар бонус катары беришкен. Мындан сырткары, жол кире, тамак-аш, мейманкананын акысын төлөп беришет.

Дагы бир эсте калганы, былтыр Ысык-Көлдө өткөн "Көчмөндөр кармашы" турниринде Honda Accord унаасын утуп алгам. Спорттон тышкары курулушта иштейм. Ошол жактагы байкелер белекке беришкен. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМушкер Канат Келдибеков: былтыр Ысык-Көлдө өткөн "Көчмөндөр кармашы" турниринде Honda Accord унаасын утуп алгам
Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Канат Келдибеков: былтыр Ысык-Көлдө өткөн "Көчмөндөр кармашы" турниринде Honda Accord унаасын утуп алгам

— 6 миң долларды каякка жумшадыңыз?

— Акча деген суу экен, билинбей эле жоголду. Үй салып жаткам, ошону бүтүрүп алдым. Үй-бүлө багуу милдети бар, төрт баланын атасымын.

— Кантип "Тайсон" болуп калдыңыз?

WEF (World ertaymash Federation) федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
WEF жетекчиси Кыдырмышев: бир телефондук чалуу үчүн 20 миң долларга сынгам
— 2006-жылдары Бишкекке келгем. Анда "Дордойдо" жашачубуз. Футбол ойноп жатып Асылбек деген бала менен мушташып кеттим. Улуу байкелер ошол жерден "Тайсонго окшош экен" дешти. Алар менин кара торулугум менен жүзүмдү окшоштурушса керек. Ошондон кийин "Тайсон" болуп калдым. Ал кезде белгилүү боксчуну деле таанычу эмесмин, кийин эле спортко аралашканда беттештерин көрдүм.

Азыр менин кумирим Майк Тайсон, Федор Емельяненко, аркасында өрүлгөн чачы бар Костя Цзю.

— Сиз ошондо чачыңызды Костя Цзюнукуна окшоштуруп жүрөсүзбү?

— Анын мага өжөр, тайманбас мүнөзү жагат. Чачымды ошон үчүн өстүрүп, өрүп алам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКанат Келдибеков: Костя Цзюнун мага өжөр, тайманбас мүнөзү жагат. Чачымды ошон үчүн өстүрүп, өрүп алам.
Боец смешанных единоборств Канат Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Канат Келдибеков: Костя Цзюнун мага өжөр, тайманбас мүнөзү жагат. Чачымды ошон үчүн өстүрүп, өрүп алам.

— Ар бир мушкердин аруу тилеги UFC уюмунда ат салышуу. Жеке сиз кыргызстандык кайсы мушкерге ишенесиз?

— Тилек Машрапов барат деп жатты эле, ал акыркы кармашында утулуп калды. Рафаель Физиев күчтүү, ошол барышы мүмкүн. Биздин балдардын баары күчтүү, эрктүү, намыскөй. Кудай буюрса, бардыгыбыз тең бийиктерди багындырабыз.

— Үйлөнгөнүңүзгө көп болдубу?

— 20 жашымда үйлөнгөм. Көчөдө көп урушчумун. Анда "Дордойдо" жашачубуз. Келинчегим мен тууралуу угуп-билип жүрүптүр. Таанышууга өзү биринчи кадам таштаган. Бир жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Гүлү экөөбүздүн ортобузда үч кыз, бир уул бар.

— Ата-энеңиз тууралуу да айта кетсеңиз?

— Нарындын Төш-Булак айылында туулгам. Он бир туугандын төртүнчүсүмүн. Бир туугандарым турмуштан ордун таап, окуп билим алып жүрүшөт. Ата-энемдин тарбиясына ыраазымын. Учурда пенсияга чыгып, неберелери менен үйдө.

— Балалыгыңыз кандай өттү?

— Азыр деле өзүмдү жаш баладай сезем. Төрт баламды карап, ушулар меникиби деп ишенбей кетем. Бала кезде ашкан тентек экенмин. Атам автобус айдап иштечү. Аркасынан ызгыта чуркап барып жетип алчу экенмин. Атам "кара мытый" деп эркелетчү, анысы эмне экенин деле билбейм.

Көчөдөн көп мушташчумун. Мугалимдер окуудан чыгарам деп даттанышчу. Бирок жаш балдарга айтаарым — көчөдөн муштум түйбөгүлө, күчүңөрдү спорттон көрсөткүлө. Азыркы балдар кол көтөрдү дегичекти эле милицияга арыз жазганы жөнөйт экен. Бул адатпы же эмне түшүнбөйм. Эркек деген күчтүү сапатарга ээ болушу керек. Мурда биз урушуп кеткенде улуу агалар же ата-энелер эле элдештирип койчу. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовКанат Келдибеков: көчөдөн көп мушташчумун. Мугалимдер окуудан чыгарам деп даттанышчу. Бирок жаш балдарга айтаарым — көчөдөн муштум түйбөгүлө, күчүңөрдү спорттон көрсөткүлө
Боец смешанных единоборств Канат Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Канат Келдибеков: көчөдөн көп мушташчумун. Мугалимдер окуудан чыгарам деп даттанышчу. Бирок жаш балдарга айтаарым — көчөдөн муштум түйбөгүлө, күчүңөрдү спорттон көрсөткүлө

— Жакындарыңыз споркто кандай көз карашта?

— Апам өзү тарс-турс жүргөн, олбурлуу аял. Беттештерде аяганы менен колдоо көрсөтөт. Атам сыр бербейт. Апам менен келинчегиме "аз калды, отузга чейин жыйынтык көрсөтүп алайын" деп жоошутуп коем. Келинчегим абдан түшүнүктүү.

— Окуп билим алдыңызбы?

— Жатак мектепте 9-класска чейин окуп кийин иштеп кеттим. Азыр окууга тапшырайын деген ой жок. Балдарым чоңоюп калды, ошолор билим алсын.

Жаңылыктар түрмөгү
0