Эренди ээрден оодарып түш! Балбандын булчуңун сынаган эр эңиштин эрежеси

Жазылуу
Эр эңиш — кыргыз элинин байыркы улуттук оюндарынын бири. Анда эрэндер ат үстүндө кармашат. Бул бүгүнкү күндө дагы актуалдуулугун жоготпой келет. Эр эңиш республикалык "Манас оюндары" спартакиадасынын программасына киргизилген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III  оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Дене тарбия, жаштар иши жана спорт агенттиги менен биргеликте быйылкы көчмөндөр оюндарына киргизилген спорттун түрлөрүнүн эрежелерин сунуштайт. Бул ирет эр эңиш менен тааныштырабыз.

Мелдешке катышуучулар жана салмак түркүмдөрү

Эр эңишке атайын тийиштүү түрдө машыгуудан өтүп жана дарыгерден ден соолугу таза экендиги жөнүндө уруксаты бар 19 жаштагы жана андан жогорку курактагы азаматтар катышат.

Мелдеште кие турган спорттук кийимдери талапка жооп берсе жана врач даярдыгы жакшы деген жыйынтык чыгарса, 18 жаштагы өспүрүмдөрдүн да катышуусу мүмкүн.

Оюнга катышууга кандай комиссия уруксат берет?

Комиссиянын кол астында: башкы калыс, башкы катчы, башкы дарыгер жана ветеринардык врач болушу керек.

Эр эңиш боюнча мелдештин катышуучулары 60 кг. чейин, 70 кг. чейин, 80 кг. чейин, 90 кг. чейин жана 90 килограммдан жогорку болуп, салмактык түркүмдөргө бөлүнөт.

Алыш күрөшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алышып алың жетеби? Алыш күрөшүнүн эрежеси
Ар бир катышуучу  белгиленген салмактык түркүм боюнча эр эңиш мелдешине 1-күнү, башталаардан эки саат мурда таразага тартылган кезде өздөрүн күбөлөнтө турган сүрөтү бар документтерин көрсөтүүгө милдеттүү. Таразага тартуу мелдештин башкы калысы тарабынан дайындалуучу комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Комиссиянын ичинде башкы калыстын орун басары, дарыгер жана мелдештин катчысы болууга тийиш.

Салмакты өлчөөнүн натыйжалары атайын протоколго түшүрүлөт. Таразага тартылууга кечиккен же келбей калган балбандар мелдешке катыштырылбайт.

Кармаштын башталышы жана аякталышы

Кармашуу башталаардан мурда эр эңиш боюнча мелдеш өтүүчү аянттагы (арбитр-калыс) ортодогу калыс айлананын борборунда туруп, балбандардын даяр экендигин жана белбоонун байланганын текшерет да төмөндөгүдөй даражаларды аткарат.

— Катышуучу балбандар калыстын белгиси боюнча айлананын борборуна аттарын бастырып барышат да, бири-бирине маңдай-тескей болуп турушат. Андан кийин кол алышып саламдашып, айлананын четине карай карама-каршы тарапка бет алат.

— Калыс белги бергенден соң, балбандар кармашууну баштайт. Кармаш аяктагандан кийин калыстын белгиси боюнча экөө тең айлананын борборуна жакындап барып, кармаштын башындагыдай абалга келишип токтоп күтүшөт. Калыс жыйынтыкты жарыялангандан кийин бири-бирине кол берип, айланадан чыгып кетишет.

Эр эңиштеги кармашуунун узактыгы

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнундарыгын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ДКО: мыкты спортчулар "Көчмөндөр оюнунун жеңүүчүлөр китебине" кирет
Ар бир кармашуу алты мүнөткө созулат. Катышуучунун бири колун же башка бир жерин кокустатып алса же кийиминде, аттын ээр токумунда кемчиликтер болсо жана башка учурларда кармашуу токтотулуп, бир мүнөт убакыттын ичинде өзүнүн кийимин тартипке келтирип, ээр токумун оңдоп, колун таңдырып келүүгө мүмкүнүлүк берилет. Бир мүнөттүн ичинде кармашууга даяр болбогон учурда жеңилди деп эсептелет.

Мелдешке берилген алты мүнөттүн ичинде катышуучулардын бири таза жеңишке ээ болбосо, кармашуунун натыйжасы упай менен аныкталат.

Таза жеңиш

Таза жеңиш кармашуу жүрүп жаткан кезде өзүнүн атаандашын аттан оодарып (эңип) түшүргөн балбанга берилет (атаандашы, денесинин кайсы гана мүчөсү менен болбосун, жерге тийген учурда оодарылып түшүрүлдү деп эсептелинет). Таза жеңиш үчүн 4 упай, утулганга 0 упай ыйгарылат. Ал эми оюнга келбегендиги үчүн балбан мелдештен чыгарылат.

Упайлар боюнча жеңиш

— Упайлар боюнча кармашууда артыкчылык көрсөткөндүгү үчүн (көбүрөөк упай топтогону үчүн), башкача айтканда, эң аз эскертүү алганы жана кармашты аракетчилдик менен жүргүзгөнү үчүн, атаандаш балбан көбүрөөк эскертүү алып, азыраак упай топтоп калганда берилет.

— Упай боюнча жеңиш үчүн 3 упай берилет, жеңилгенге бир упай жазылат.

Эскертүү: Мелдешке катышкан балбан аянттагы башкы калыстын чечими боюнча эрежени бузгандыгы үчүн үчүнчү ирет эскертүү берилгенде мелдеш токтотулат. Эрежени бузганы мелдештен чыгарылат. Мелдештен чыгарылган балбан жеңилди деп эсептелет да, бир упай берилип, анын атаандашына 4 упай жазылат.

Упайлар төмөнкүдөй берилет:

— Каршылашынын колун аттын жалына басса, бир упай.

— Каршылашынын колун ээрдин үстүнө басса, бир упай.

— Атаандашын моюндан алып, башын өзүнүн тизесине басканда эки упай.

— Каршылашын аттын моюнун кучактоого жана ээринин алдыңкы кашын, арткы кашын кармоого мажбурлаганда эки упай.

— Каршылаштын колун артына кайрып, бирок жыга албай калганда эки упай

— Кармашуудан качып, убакытты созгондугу үчүн эскертүү берилип, атаандаш балбанга бир упай берилет.

— Атынын башын буруп, каршысынын алдын тосуп, өзүн көздөй жибербей койгон учурда, эскертүү берилип, каршылашына бир упай берилет.

Мелдешке катышуучулардын ээлеген орундарын аныктоо

Өзүнүн салмактык түркүмүндө көп упайга ээ болгон балбан мелдештин жеңүүчүсү деп табылат. Калган орундар чогулткан упайларына карата бөлүнөт.

Эгер упайлар бирдей болуп калса, орундар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:

— Эки катышуучунун упайлары бирдей болгондо өз ара кармашууда жеңгени алдыда болот;

— Үч жана андан көп катышуучунун упайлары бирдей болгондо таза жеңиштердин саны боюнча упай, ал эми бул көрсөткүчтөр да бирдей болгондо жеңүүчү таза жеңиштерге жумшаган убакыттын аздыгы боюнча аныкталат.

— Жааттык (командалык) орду анын бардык мүчөлөрүнүн упайларынын көптүгүнө жараша аныкталат. Эки (же андан көп) жааттардын упайлары бирдей болуп калганда орундар өздүк биринчиликтегидей эле аныкталат.

Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Курдан кармап, торой чаап... Кыргыз күрөшүнүн балбандары жеңишке кантип жетет
— Эгерде жекече кармашууда эки балбан тең жеңишке ээ боло албаса, андан тышкары экөөнүн аракети бирдей болуп, эскертүүлөрү да тең болгондо мелдештин аяктоосуна эки мүнөт убакыт калганда, балбандарды ортого алып келип, бири-бирин белбоосунан карматып эки колу менен тарттырат. Кимдин колу белбоодон чыгып кетсе, анын каршысындагы балбанга бир упай берилет, убакыт аяктагандан кийин упай аркылуу жеңүүчү аныкталат.

— Эгерде алты мүнөт аяктагандан кийин дагы балбандардын упайлары тең болуп калса, мына ушундай балбандар бири-бирин белбоодон кармашып тартышуу менен жеңүүчү аныкталат.

Уруксат берилген ыкмалар

Жекеме-жеке кармашууда ар бир эр эңишчиге төмөндөгүдөй ыкмаларга уруксат берилет:

— Каршылашынын колун кармоого;

— Колун ээрдин үстүнө басууга;

— Каршылашынын белбоосунан кармоого;

— Белбоосунан тартып аттан түшүрүүгө;

— Каршыланынын тулку боюнча кучактап алууга;

— Каршылашынын бутун үзөңгүдөн чыгарып алуу үчүн анын бутунан кармоого;

— Каршылашынын колу жана тулку бою менен каалаган жакка түшүрүүгө;

— Өзү минген атынын моюнун кучактап калууга;

— Каршылашы оодара тарткан кезде, тизеси же таманы менен каршылашынын атына таянууга;

— Моюндан алууга.

Тыюу салынган ыкмалар

Кармашууда эр эңиштин эрежеси боюнча төмөндөгү ыкмаларга тыюу салынат:

— Каршылашын же анын атын буту менен тебүүгө (оюндан чыгарылат);

— Каршылашын муштоого, камчы менен чабууга (оюндан чыгарылат);

— Каршылашынын чачынан, кулагынан, бетинен, үзөңгүсүнөн, басмайылынан кармоого (оюндан чыгарылат);

— Каршылашынын манжаларын кайрууга, колун муунга тескери кайрууга, каршылашынын колун бутунун же үзөңгүсүнүн астына салууга (оюндан чыгарылат);

— Каршылашынын колуна же моюнуна жана анын атынын моюнуна тизгинин таштоого болбойт, эскертүү берилип, эскертүүдөн кийин каршысына упай берилет.

Мелдеш өткөрүлүүчү жай, эр эңишчилердин кийимдери жана шаймандары

Эр эңиш боюнча мелдеш тегиз аянтчада айлананын ичинде өткөрүлөт. Анда чуңкур, өңгүл-дөңгүл, таштар жана дүмүрлөр жана башка тоскоол болчу нерселер жок болууга тийиш. Аянтчанын (айлананын) диаметри 30 метр болот. Көрүүчүлөр үчүн айлананын четинен сыртына – эң кеминде 25-30 метр аралыкта жайгашууга тийиш.

Катышуучунун кийими: болбоодон, калың шымдан жана өтүктөн турууга тийиш. Аттын ээр токуму каалагандай болушу мүмкүн. Балбандын ээр токумунун артында көрпөчө бөктөрүлүп, колунда камчы болууга тийиш.

Калыс

Эр эниш оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тикесинен тура калып каршысындагы балбанды чапчыган ат. Окуянын чоо-жайы
Калыс эр эңиш мелдештерин жалпысынан башкарып, мелдештин эрежелерге ылайыктуу өтүшүнө көз салат. Ал эр эңишчи балбандардын бири жеңилип калганда, тыюу салынган ыкмалар колдонулганда, катышуучулардын бири жарат алган учурда, мелдеш жүрүп жаткан учурда кийимдеринде өзгөрүштөр болгондо, мелдеш учурунда кайсы бир балбанга кайрылып, же дагы башка кокустуктун алдын алуу үчүн кармашууну токтотот.

Мелдеш убагында калыс кармашууну байкап, балбандардын аракеттерин туура баалап, кайсынысы чын эле кармашып, кимиси аракет кылуудан баш тартып, жалган кыймылдарды аткарып жүргөнүн аныктап турууга тийиш. Мелдештин жакшы жана калыс өтүшү үчүн ал колундагы, бийликти адилеттик менен толук колдонушу керек.

Кармашуунун жыйынтыгын кабарлаганда калыс төрө калыстар столуна жүзүн буруп, жеңип чыккан балбанга карай колун көтөрөт.

Калыс секундометрист

Калыс – секундометрист калыстык столунан орун алат. Ал мелдештин мөөнөтүн белгилеп, кабарлайт. Убакыт аяктагандан белги берип, беттешүүнүн убактысы бүткөндүгүн кабарлайт. Мелдешке катышуучу бир жерин кокустатып, же жаралантып алганда, же болбосо анын кийиминде өзгөрүүлөр болуп ал дайындалбай калган учурда, мелдештин мөөнөтүндө үзгүлтүк болгон учурларда кошумча убакытты кабарлап турат.

Калыс секундометрист секундомерди калыстык белгиси менен токтотууга тийиш.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү бекитилип, анын жол-жобосу 104 өлкөгө жиберилген. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0