Эң мыкты! КР командасы FIFA рейтингинде болуп көрбөгөндөй секирик жасады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын улуттук курама командасы. Архив
Кыргызстандын улуттук курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия континентинин футболчулары арасында Кыргызстандын командасы 7-орунду ээлесе, КМШ менен Балтика өлкөлөрү арасында 3-тепкичке чыкты.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстандын улуттук курама командасы Эл аралык футбол рейтингинде (FIFA) заматта 40 баскычка жогорулап жаңыланган рейтингде абсолюттук рекорд жаратты.

Президент Сооронбаев Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары жана машыктыруучулары менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков футбол боюнча курама команда менен жолугуп, 1 млн. сом берди. Сүрөт
Апрелдеги тизменин версиясы уюмдун расмий баракчасына бүгүн жарыяланды.

Курама команда март айында машыктыруучу Александр Крестининдин жетектөөсү менен Мьянма (22-март) жана Индияны (27-март) жеңип, биринчи жолу Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө чыкты. Мындай көрсөткүч улуттук команданын 115-орундан 75-орунга көтөрүлүүсүнө шарт түзүп, айдын мыкты командасы аталды.

​Азия континентиндеги футболчулары арасында Кыргызстандын командасы 7-орунду ээледи. Ал эми КМШ менен Балтика өлкөлөрүнүн ичинен Украина (30) менен Россиянын (66) командаларынан кийин 3-орунга чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0