Борбор калаада грэпплинг боюнча өлкөнүн мыкты балбандары аныкталат

© Sputnik / Табылды КадырбековКаба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосу. Архив
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеште 18 жаштан жогорку курактагы спортчулар беш салмактык категория арасында күч сынашат

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкекте грэпплингдин ADCC версиясы боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Кыргызстандагы волейбол курама команданын капитаны, Таиланддын алдыңкы клубдарынын бири Эйр Форстун оюнчусу Оңолбек Каныбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн №1 волейболчусу Оңолбек: апам боюмдун кичинелигине аябай тынчсызданчу
Маалыматка ылайык, мелдеш 29-апрель күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда уюштурулат. Анда өлкө аймагынан чогулган 18 жаштан жогорку курактагы спортчулар беш салмактык категория арасында ат салышат.

Спорттук иш-чарага жүздөн ашык балбан катышып, соңунда мыктылары өлкөнүн курама командасына тандалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0