"Нео" Физиев кийинки беттешин кайсыл уюмда өткөрөрү белгилүү болду

© Фото / предоставлено Рафаэлем ФизиевымКыргызстандык мушкер Рафаель Физиев(оңдо) беттеш учурунда. Архив
Кыргызстандык мушкер Рафаель Физиев(оңдо) беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аралаш мушташ боюнча мелдеш 12-майда Кытайда өтөт.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаель Физиев ММА боюнча кезектеги кармашын Road FC уюмунда өткөрөт. Бул тууралуу кореялык лиганын расмий сайтында жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, мелдеш 12-майда Кытайда өтөт. Анда Физиев 72 килограмм салмак ченинде үй ээси Бао Инканг менен күч сынашат.

Спортчулардын рейтингин аныктаган дүйнөлүк Shepdogg порталынын маалыматы боюнча Рафаель Физиев аралаш мушташ боюнча беш профессионалдуу беттештин жеңүүчүсү.

Былтыр февраль айында кыргызстандык спортчунун кармаш учурунда "Матрица" тасмасындагы Нео сымал соккудан боюн ала качкан ролиги социалдык тармакта аябай популярдуу болгон. Бирок Физиевдин спорттогу каймана аты — "Атаман".

Жаңылыктар түрмөгү
0