Антонина Шевченко дүйнөдөгү мыкты тайбоксчу экенин кайрадан далилдеди

© Фото / Jeff SainlarКыргызстандык спортчу Антонина Шевченко. Архив
Кыргызстандык спортчу  Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу австралиялык Клер Бакстер менен беттешкен

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Антонина Шевченко Lion Fight лигасы уюштурган тайбокс боюнча дүйнө биринчилигинде наамын коргоп калды. Бул тууралуу уюмдун Facebook баракчасында жарыяланды. 

Беттеш 21-апрелде Американын Коннектикут штатында өткөн. Турнирдин башкы беттешинде Шевченко австралиялык Клер Бакстер менен күч сынашып, калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылган.

Антонина Шевченко аталган уюмда 2016-жылы чемпион аталып, эки жолу наамын коргогон. Биринчи атаандашы италиялык Паола Каруччи болсо, экинчиси голландиялык Илон Вийманс эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0