Келгиле, "Футбол сулуусу" болчу селкилерди тандайбыз

Жазылуу
Жеңүүчү добуш берүүнүн жыйынтыгы менен тандалат

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстандын футбол федерациясы "Футбол сулуусу" сынагына катышкан кыздардын сүрөттөрүн расмий жарыялады.

Учурда жарым финал болуп, ага 11 кыз катышууда. Жеңүүчү добуш берүүнүн жыйынтыгы менен тандалат. Ал үчүн 7-майга чейин федерациянын Facebook баракчасына кирип, өзүңүзгө жаккан катышуучунун сүрөтүн тандашыңыз керек.

Эң көп добуш алган үч кыз финалга чыгат.

Биздин сайт аркылуу да өзүңүзгө жаккан кызга добуш берсеңиз болот.

Sputnik Кыргызстан сайтындагы добуш берүү сынактан тыш өткөрүлүүдө, башкача айтканда, бейрасмий болуп саналат.

Конкурс 10-апрелде жарыяланган. Жеңүүчү эл аралык конкурстарда КР Футбол федерациясынын жүзү болуп, сүрөт-видеого түшүү мүмкүнчүлүгүн алат.

Былтыр "Футбол сулуусу" деп Надира Исакова табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0