Валентина Шевченко UFC чемпионуна кайрадан чакырык таштады

© Фото / Анастасия МарченкоАралаш мушташ боюнча кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив
Аралаш мушташ боюнча кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шевченко беттешти Чикагодо өткөрүүгө даяр экендигин белгиледи. Анын айтымында, ал жакта мекендештери жана кыргыз ресторандары арбын.

БИШКЕК, 27-апр — Sputnik. Аралаш мушташ боюнча кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко испаниялык Combat порталына маек берип жатып Никко Монтано менен беттешүүгө даяр экендигин билдирди.

Шевченко UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпионун 9-июнда Чикагодо боло турчу UFC 225 турниринин алкагында беттешүүгө чакырды. Анын айтымында, Монтано жаракаттан кийин калыбына келди. Ошондой эле мушкер кыз Чикагодо колдой турчу мекендештери көп экендигин белгиледи.

"Чикаго абдан жагат, менин Холм (ММА мушкери. — Ред.) менен беттешим дал ошол жерде өткөн. Ал жакта Кыргызстандын ири диаспорасы жана мыкты кыргыз ресторандары бар", — деди Шевченко.

Ошондой эле спортчу беттеш Чикагодо өтпөй калса, башка жерден деле күч сынашууга даяр экендигин билдирди.

Валентина Шевченко жакында эле Бразилиянын Белем шаарында өткөн UFC Fight Night 125 турниринин алкагында биринчи жолу эң жеңил салмак ченинде Присцила Кечоейраны утуп алган. Беттештен кийин дароо эле ушул салмактагы чемпион Никко Монтаного чакырык таштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0