Кыргыз волейболчулары Азиянын аймактык чемпионатында үчүнчү орунду ээледи

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын волейбол боюнча улуттук курамасы
Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курамасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш Бангладеш мамлекетинде 21-апрелде башталган.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курамасы командасы үчүнчү жолу өтүп жаткан Азиянын аймактык чемпионатында коло медаль алды.

Атамекендик волейболчулар үчүнчү орун үчүн Непал мамлекетинин курамасы менен беттешип, оюн 3:0 эсебинде кыргызстандыктардын пайдасына чечилген.

Кыргызстандагы волейбол курама команданын капитаны, Таиланддын алдыңкы клубдарынын бири Эйр Форстун оюнчусу Оңолбек Каныбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн №1 волейболчусу Оңолбек: апам боюмдун кичинелигине аябай тынчсызданчу
Эскерте кетсек, мелдеш Бангладеш мамлекетинде 21-апрелде башталган.

Кыргызстан тайпалык этапта Түркмөнстанга 0:3 эсебинде утулуп, бирок Өзбекстанды 3:2 эсебинде утуп чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалда Кыргызстандын курама командасы Бангладештин менен туш келип, 2:3 эсебинде утулуп калган.

2017-жылы өткөн чемпионатта Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азиянын аймактык чемпионатында биринчи орунду алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0