Жалал-Абад облусунда футзал боюнча өлкө биринчилиги өтөт

© Фото / пресс-служба ФФКРРазвитие футзала в Кыргызстане
Развитие футзала в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке өлкө аймагынан чогулган сегиз команда катышат

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда футзал боюнча өлкө биринчилиги өткөрүлөт. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.

Ошский футбольный клуб Алай - Sputnik Кыргызстан
Футбол: Оштун "Алайы" менен Тажикстандын "Истиклол" клубу күч сынашат
Маалыматка ылайык, биринчи лигадагы командалардын чемпионаты 5-майдан 9-майга чейин уюштурулат. Анда Ысык-Көлдүн "Саламат", Нарындын "Ак-Кула", Таластын "Газпром", Баткендин "Ынтымак" жана Жалал-Абад облусунун эки командасы ат салышат.

Андан сырткары, Бишкек менен Ош шаарынын "Строй-Мир", "Мухаммед Умар" командалары да оюн талаасында кездешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0