Ош шаарында каратэ боюнча өлкө биринчилиги өтөт

© Фото / федерация каратэ-до SKIFОткрытый кубок по каратэ-до WSKF в Алматы
Открытый кубок по каратэ-до WSKF в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеште спортчулар каратэ спортунун ката жана кумитэ түрү боюнча ат салышат

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Ош шаарында каратэ боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Улуттук "Сетокан" каратэ-до International федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Бой за пояс Bellator между Федором Емельяненко и Фрэнком Миром - Sputnik Кыргызстан
48 секундада жер кучактады! Емельяненко атаандашын жеңген ирмемдин видеосу
Ага ылайык, чемпионат 23-24-июнь күндөрү Ош шаарында өткөрүлөт. Спорттук иш-чарада эркектер жана кыз-келиндер Эл аралык SKIF федерациясынын эрежелери менен ката жана кумитэ түрү боюнча ат салышат. Мелдешке өлкө аймагынан келген алты жаштан жогорку курактагы бардык спортчулар катыша алат. Жеңүүчүлөр медаль, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланат.

Аталган турнирдин алкагында 19-21-июнь күндөрү япониядан келген каратэ боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, кара курдун 8-данынын ээси Манабу Мураками атайын семинар өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0