Көк бөрүчү Ниязовдор "Достуктан" эмнеге чыгарылганы белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековОш облусунун "Достук" командасынын курамында ойногон Манас Ниязов. Архив
Ош облусунун Достук командасынын курамында ойногон Манас Ниязов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир туугандардын улуусу Байыш Ниязов пикир келишпестик болду десе, команданын жетекчиси Мыктыбек Туташов жигиттер жаракатынан улам эс алууга чыкканын билдирүүдө.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Ош облусунун "Достук" командасынын курамында ойногон Байыш, Манас, Кыяз Ниязовдор тайпадан чыкты деген малыматты бир туугандардын улуусу Байыш Ниязов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Анын айтымында, алардын командадан кетүүсүнө ич ара пикир келишпестиктер себеп болгон.

"Ушул 9-майдагы мелдешке үчөөбүз тең оюнга чыкпайбыз. Эс алалы деп чечтик. Командада бир аз келишпестик болуп калды. Себебин так айтпай эле коёюн эми, бул өзүбүздүн арабызда болгон нерсе. Бирок биз минген аттар командада калат, аларды башкалар минип чыга берет. Ал эми 9-майдан кийин "Достукка" кайра келерибиз белгисиз. Балким башка командада ойноп калаарбыз", — деди Ниязов.

Анткен менен "Достук" командасынын жетекчиси Мыктыбек Туташов да муну себебин так кесе түшүндүрө алган жок. Бирок Ниязовдор тайпада эле ойноп калышы ыктымалдыгын белгиледи.

ТОП-13 улакчы. Аргымактар алкынып, эрлер жанын таштаганда - Sputnik Кыргызстан
ТОП-13 улакчы. Аргымактар алкынып, эрлер жанын таштаганда
"Ноорузда Байыш менен Кыяз колунан жаракат алып калгандыктан айыкканга чейин 9-майда эс алып тургула дегенбиз. Манас да аларга кошулуп дем алайын деди окшойт. Колдору айыкса кайра келип калышы мүмкүн. Алдыдагы мелдешке даярдыгыбыз жакшы. Командага башка балдар келип жатат, ойнойбуз дегендер көп", — деди команда жетекчиси.

Белгилей кетсек, көк бөрүчү Ниязовдор "Достукта" алты жылдан бери ойноп келишет. Кечээ 30-апрелде социалдык тармактарда алар командадан чыгарылганы туурасында кабар тараган болчу.

Быйыл Нооруз майрымандагы мелдеште үч бир тууган тең "Достук" командасында ойноп, экинчи орунга ээ болушкан. Манас Ниязов "Мыкты чабуулчу" наамын утуп алса, Байыш Ниязов команданын капитаны болчу.

Быйыл да Жеңиш күнүнө карата салтка айланган республикалык көк бөрү мелдеши өткөрүлмөк.

Жаңылыктар түрмөгү
0