Кыргызстан "Азия чемпионаты — 2019" оюндарында ким менен ойнору аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дубайда Азия чемпионатынын чучукулагы кармалып, Кыргызстан "С" тайпасына түштү.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Кыргызстан "Азия чемпионаты — 2019" оюндарында Кытай, Түштүк Корея жана Филиппиндер мамлекеттеринин командалары менен бир тайпага түштү. Бул тууралуу чучукулак кармалгандан кийин белгилүү болду.

Чучукулак кармоо 4-майда Дубайдагы эң бийик Бурдж-Халифа имаратында өттү. Анын жыйынтыгы:

"А" тайпасы (Бириккен Араб эмирлиги, Тайланд, Индия, Бахрейн);

"B" тайпасы (Австралия, Сирия, Палестина, Иордания);

"С" тайпасы (Түштүк Корея, Кытай, Кыргызстан, Филиппиндер);

"D" тайпасы (Иран, Ирак, Вьетнам, Йемен);

"E" тайпасы (Сауд Аравия, Катар, Ливан, Түндүк Корея);

"F" тайпасы (Япония, Өзбекстан, Оман, Түркмөнстан).

Ал ортодо футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы март айында Мьянма менен Индияны утуп, биринчи жолу Азия чемпионатынын финалына чыкты. Кыргызстандыктарды ФИФАнын башкы катчысы Фатма Самура, 1998-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпиону, "Реал Мадриддин" мурдагы оюнчусу Кристиан Карамбе куттуктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0