Бишкекте тогуз коргоол боюнча Борбор Азия кубогу өтөт

© Фото / пресс-служба ГАФКиСТогуз коргоол оюну. Архив
Тогуз коргоол оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кубок III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунуна катыша турчу спортчуларды тандап алуу мелдештеринин бири.

БИШКЕК, 5-май  — Sputnik. Борбор калаада 6-12 май күндөрү тогуз коргоол оюну боюнча Борбор Азия кубогу өтөт. бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Мелдеш кыздар жана балдар арасында, ошондой эле жеке жана командалык эсеп боюнча өтөт.

Борбор Азия кубогун өткөрүү үчүн Спорттун улуттук түрү боюнча дирекция 272 миң сом бөлгөн.

Аталган кубок III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунуна катыша турчу спортчуларды тандан алуу мелдештеринин бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0