М-1 Global: Бусурманкул Абдубаит уулунун кийинки беттеши качан өтөрү айтылды

© Фото / Сейтек ТолтоевБоец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов
Боец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдубаит уулу М-1 Global спорттук уюму менен эки жылга келишим түзгөн.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу M-1 уюмунун Challenge 92 турниринин алкагында беттеш өткөрөт. Бул тууралуу спорттук уюмдун ВКонтакте социалдык баракчасында жарыяланды.

Боец смешанных единоборств Канат Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык "Тайсон" атаандашын муунтуп салды. Ахмат турнириндеги видео
ММА боюнча беттеш 24-майда Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт. Анда Бусурманкул Абдубаит уулу германиялык Саба Болаги менен бет келет.

Эске сала кетсек, Абдубаит уулу М-1 Global спорттук уюму менен эки жылга келишим түзгөн. Бул спортчунун келишимден кийинки экинчи беттеши болмокчу.

Биринчи кармашында М-1 Global уюмунун мурдагы чемпиону Максим Дивничти утуп алган

Бусурманкул Абдубаит уулу тууралуу кененирээк маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган маектен окуңуздар

Жаңылыктар түрмөгү
0