КРдин футбол курамасы Азия чемпионатында кайсы күндөрү ойнойт? Расписание

© Sputnik / Табылды КадырбековМатч Кыргызстан — Индия в рамках отбора на Чемпионат Азии — 2019
Матч Кыргызстан — Индия в рамках отбора на Чемпионат Азии — 2019 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын курама командасына оңой эмес командалар туш келди. Алар эми Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин өлкөлөрүнүн футболчулары менен беттешмекчи.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол федерациясы "Азия чемпионаты — 2019" оюндарынын тайпалык этабынын расписаниесин жарыялады. Анда ата мекендик команда кайсы күндөрү ойной турганы жазылган.

Азия чемпионаты 2019-жылы Бириккен Араб Эмиратында өтөт. Ага биринчи жолу катышып жаткан Кыргызстандын курама командасы Кытай, Филиппин жана Түштүк Корея өлкөлөрүнүн футболчулары менен ат салышмакчы. 

Тайпалык этаптын оюндары январь айында өтөт.

Бишкек убактысы боюнча расписание:

Кытай — Кыргызстан (7-январь, 18:00), Аль-Айн шаары, Hazza bin Zayed Stadium стадиону;

Кыргызстан — Түштүк Корея (11-январь, 23:00), Аль-Айн шаары Khalifa bin Zayed Stadium стадиону;

Кыргызстан — Филиппин (16-январь, 20:30), Дубай шаары Rashid Stadium стадиону.

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы март айында Мьянма менен Индияны утуп, биринчи жолу Азия чемпионатынын финалына чыккан. Анда кыргызстандыктарды ФИФАнын башкы катчысы Фатма Самура, 1998-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпиону, "Реал Мадриддин" мурдагы оюнчусу Кристиан Карамбе куттуктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0