Манас Ниязов: аябай ызаланып калгам, бул мелдешти сөзсүз утуш керек болду

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке
Турнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Манас Ниязов: аябай ызаланып калгам, бул мелдешти сөзсүз утуш керек болду

Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жогорку лигасынын финалында Ош облусунун "Достук" командасы Талас дубанынын "Ынтымак" командасын жеңип, көптөн күткөн өлкө чемпиону титулуна ээ болду. Анда командага жеңиш алып келген үч улактын баарын тайказанга Манас Ниязов таштады. Ошондой эле ал "Мыкты оюнчу" наамын да утуп алган.

Көк бөрүчү менен мелдештен кийин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков маектешти.

— Жеңиш кут болсун, Манас мырза! Оюнда жеңишти камсыздаган үч улактын баарын сиз таштадыңыз, буга таң калгандар көп болууда.

— Соңку кырдаалдарга аябай ызаланып калгандыктан, бул мелдешти сөзсүз утуш керек болду. "Ынтымак" күчтүү команда, оюнчулары да катуу ойношту. Негизинен кыл чайнашкан беттеш болду десем жаңылбайм.

Кээде улакты эңсең илешпей, ыргытканың тайказанга түшпөй колуң жүрбөй калат. Кечээ менин колум жүрүп, оомат келген экен. Улакты ыргытканда эле түшүп турду. Албетте, бул командалык оюн болгондуктан мында баарынын эмгеги бар.  

© пресс-служба ГАМФКиСМанас Ниязов: бул оюнда колум жибип оомат мен тарапка келген экен. Улак колго тийип, ыргытканда эле түшүп турду
Турнир по кок-бору, приуроченного к Дню Победы в ВОВ - Sputnik Кыргызстан
Манас Ниязов: бул оюнда колум жибип оомат мен тарапка келген экен. Улак колго тийип, ыргытканда эле түшүп турду

— Бул мелдешке "Достук" комадасы канча убакыт даярданды?

— Негизи команда бир айдан ашык даярданды. Мен оюндан бир күн мурун гана келип кошулдум. Ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам ушундай болуп калды.

— Көк бөрүдө аргымак негизги ролду ойнойт эмеспи. Сиз минген "Бойканын" мүнөзү кандай, аны башка адамдар мине алабы?

ТОП-13 улакчы. Аргымактар алкынып, эрлер жанын таштаганда - Sputnik Кыргызстан
ТОП-13 улакчы. Аргымактар алкынып, эрлер жанын таштаганда
— Ноорузда "Бойканы" кичине семизирээк чыгарып алып бир аз кыйналгам. Мында эт таштап табына келип калгандыктан жакшы оюн көргөздү. Анын мүнөзү катаал, оозу абдан катуу, оңой менен баш бербейт. Адамды алып качмай жайы бар. Былтыр Астанадагы көк бөрү чемпионатына мен барбай калып, атымды алып кетишкен. Ал жакта беш-алты бала минип көрүп, анча эптей албай коюшкан. Анын тилин мен гана таптым көрүнөт, экөөбүз бири-бирибизге көнүп калганбыз. "Бойка" мен үчүн жаралган окшойт деп ойлоп кетем. Учурда алты жашта, аны үч жылдан бери чаап жүрөм. Биринчи мингенде эле мыкты ат болорун сезгем.

— Кечээ тайказанга улак таштаган сайын өзүңүз ыргып түшүп жаттыңыз. Жаракат алган жоксузбу?

— Бул чечүүчү оюн болгондуктан, жаныңды берип ойношуң керек. Болгон күч-аракетимди жумшап жаттым. Ден соолугума зыян келген жок. Кудай сактасын, аламан улакта да, көк бөрүдө да буга чейин оор жаракат алган учур болгон эмес.

— Сиз катышкан кайсы мелдештер менен сыймыктанасыз?

— 2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстандын курама командасы менен болгон беттеш өзгөчө эсимде калды. Анда финалда төрт жолу улак таштап мелдештин жалпы жыйынтыгы менен "Мыкты чабуулчу" наамына ээ болгом. Эми III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдана баштайбыз.

— Кыргызстандан башка өлкөгө да барып турасызбы?

— Агаларым менен Өзбекстан, Тажикстанга чейин барып аламан улак чаап келебиз. Ал жакта да көп досторубуз бар. Кыш түшөрү менен күн кур эмес, ар жакта аламан улак өтүп үйгө турбай калабыз. Анда өзүмдүн атымды бир күн чапсам, кайра 10 күндөй эс алдырып, башка бирөөлөрдүн аты менен чыгам. Ал эми "Бойка" команданын аты болгондуктан, көк бөрүгө гана минем.

— Көк бөрүдөн сырткары башка жумуш менен алектенесизби?

— Өзгөндө айылдык кеңештин депутатымын.

© Sputnik / Табылды КадырбековМанастын оюн талаасындагы позициясы — чабуулчу
Манастын оюн талаасындагы позициясы — чабуулчу - Sputnik Кыргызстан
1/3
Манастын оюн талаасындагы позициясы — чабуулчу
© Sputnik / Табылды КадырбековНиязов: "Бойканын" тилин мен гана таптым көрүнөт, экөөбүз бири-бирибизге көнүп калганбыз. Ал мен үчүн жаралган окшойт деп ойлоп кетем
Ниязов: Бойканын тилин мен гана таптым көрүнөт, экөөбүз бири-бирибизге көнүп калганбыз. Ал мен үчүн жаралган окшойт деп ойлоп кетем - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ниязов: "Бойканын" тилин мен гана таптым көрүнөт, экөөбүз бири-бирибизге көнүп калганбыз. Ал мен үчүн жаралган окшойт деп ойлоп кетем
© Sputnik / Табылды КадырбековНиязов көк бөрүнүн мыкты оюнчусу наамына бир нече жолу ээ болгон
Ниязов көк бөрүнүн мыкты оюнчусу наамына бир нече жолу ээ болгон - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ниязов көк бөрүнүн мыкты оюнчусу наамына бир нече жолу ээ болгон
1/3
Манастын оюн талаасындагы позициясы — чабуулчу
2/3
Ниязов: "Бойканын" тилин мен гана таптым көрүнөт, экөөбүз бири-бирибизге көнүп калганбыз. Ал мен үчүн жаралган окшойт деп ойлоп кетем
3/3
Ниязов көк бөрүнүн мыкты оюнчусу наамына бир нече жолу ээ болгон

— Башка дагы кайсы спорттун түрүнө кызыгасыз?

— Кээде футбол ойноп турам.

— Мелдештерге даярдыктарды кантип өткөрөсүздөр?

— Улак тартуудан сырткары машыгуу залдарына барабыз, тоого чыгып чуркайбыз. Ушундай жолдор менен булчуңдарды, дене мүчөнү бир калыпта сактайбыз.

— Сизге Кыргызстандын башка командаларынан же Казакстандан чакыруу түшкөн эмеспи?

— Казакстандан сунуш түшкөн эмес, бирок биздин башка командалар чакырышкан. Баарынан баш тартып келем. Намыс керек да.

— Кыргызстандагы көк бөрүчүлөрдүн арасындан кимди өзүңүзгө негизги атаандаш деп эсептейсиз?

— Азыр күчтүү оюнчулар көп, бирөө-экөөнү бөлүп айтуу кыйын. Оюн талаасында менин позициям чабуулчу, бул жолдо көбүнчө "Ынтымактын" Сейитбек Анарбек уулу, Нуржан Мелисбек уулу деген чабуулчулары менен кармашып калам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМанас бир жылда аламан улактан эле төрт-беш машина, 20 тай, 10 төө, 10 торпок жана башка акчалай сыйлыктарды утат
Игра аламан улак на территории поселка Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Манас бир жылда аламан улактан эле төрт-беш машина, 20 тай, 10 төө, 10 торпок жана башка акчалай сыйлыктарды утат

— Бир тууган агаларыңыз да улак чабат. Алар эң кичүү инисинин күчтүү чыгышына кандай баа беришет?

— Чынын айтканда агаларым менден күчтүү. Байыш агам мага аябай жакшы жардам берип, көп нерселерди үйрөтүп турат. Анан, албетте, ар бир жетишкен ийгиликтериме кубанып алкап турушат.

— Улак чаап баштагандан тарта аламан улактан, көк бөрүдөн уткан байгелериңизди эсептеп көрдүңүз беле?

— Анысы белгисиз. Орто эсеп менен алганда бир жылда аламан улактан эле төрт-беш машина, 20 тай, 10 төө, 10 торпок жана башка акчалай сыйлыктарды утам.

— Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз.

— Атам 64, апам 63 жашта. Алар айылда дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенип келишкен. Ата журт тараптан да, тага журт жактан да көп улакчылар чыккан. Атам өзү да улак чабат. Демек бул менин канымда бар десем болот.

— Социалдык тармактарда сизге кат жазгандар көп болсо керек. Алар сизден көбүнчө эмне жөнүндө сурашат? Жооп берип сүйлөшүп турасызбы?

— Ооба. Жазгандар аябай эле көп. Казакстандык кыздар да жазып калышат. Мен тууралуу билгенге кызыгып көп суроо беришет. Айрым учурда сүйлөшүп коём, бирок баарына тегиз жооп бере албай калам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМанастын ийгиликке жетишине агасы Байыш Ниязовдун чоң салымы бар. Ал "Достук" командасынын капитаны болгон
Турнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Манастын ийгиликке жетишине агасы Байыш Ниязовдун чоң салымы бар. Ал "Достук" командасынын капитаны болгон

— Күйөрман кыздарыңыздын көп экени байкалып турат. Учурда сүйлөшкөн кызыңыз барбы, деги эле үй-бүлө курууну качанкыга пландадыңыз?

— Азыр жеке жашоо жөнөндө айтпай эле койгонум туура болот го. Негизи быйыл күздө үйлөнөйүн деп жатам.

— Күйөрмандарыңызга кеңеш катары айтып кетсеңиз, мыкты улакчы болуу үчүн эмне кылыш керек?

— Улакчы болуу үчүн адегенде улак чаап гана машыгуу керек. Анан атты көп миниш керек. Калганы акырындык менен жолго түшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0