WEF беттеши

Эрендердин эрөөлү: WEF Global 12 турниринин жүрүшү

1709
(жаңыланган 00:28 15.05.2018)
Ушул тапта борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында кулатуу эр таймаш боюнча WEF Global 12 турнири өтүп жатат.

Мелдештин алкагында 18 беттеш каралган. 

Кеченин башкы беттешинде WEF уюмунун оор салмактагы чемпиону Тилек Жээнбеков менен швециялык мушкер Малик Тамбе күч сынашат.

Ошондой эле WEF уюмунун Global лигасынын тарыхында алгачкы жолу кыздардын беттеши болот. Анда Барчынай Узгенбаева менен өзбекстандык Шахида Рахимова намыс талашат. 

Жаңы билдирүү
  • 00:27

    Ушуну менен турнир соңуна чыкты.

  • 00:01

    Жээнбеков утту!

    Тилек Жээнбеков биринчи раундда эле атаандашы Малик Тамбени техникалык нокаут менен утту.

  • 23:59

    Тамбе Жээнбековду партер абалына жыгууга аракет кылууда, бирок олуттуу кадамдар боло элек. Ал ортодо Жээнбеков бир нече ирет сокку узатууга жетишти.


  • 23:59

    Беттеш башталды!

    Күйөрмандардын көбү, албетте, Жээнбековго жан тартууда. Ошентсе да мыктыларды октагон аныктайт.

  • 23:57

    Тилек Жээнбеков менен Малик Тамбе чакырылды

    Эми көптөн күткөн беттеш башталды! Бул кармаш эң мыкты деңгээлде өтөт деп тартынбай айтууга болот. Кеченин башкы беттешин тартуулоо үчүн кыргызстандык Тилек Жээнбеков менен швециялык Малик Тамбе чакырылды. Алар 93 килограммдан жогорку салмакта күч сынашат.

  • 23:50

    Токтобакиев экинчи раундда утту. Атаандашынын командасы жаракатка байланыштуу беттештен баш тартты.

  • 23:47

    Кайрадан оор салмактардын тиреши!

    Кыргызстандык Нурлан Токтобакиев (93 кг) менен казак мушкери Князь Махмудов беттешмей болду. 

    Князь Махмудов — ушу-саньда боюнча Казакстандын чемпиону, грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери. ММА боюнча профессионалдуу эки беттештин жеңүүчүсү.  Казактсандагы "TITO FIGHT CLUB" клубунун тарбиялануучусу, спорттогу каймана аты "Азия карышкыры". 

    Нурлан Токтобакиев — WEF PROFFIGHT 4,5,6,7,9,19 жана WEF GLOBAL 6 турнирлеринин жеңүүчүсү. ММА боюнча спорт чебери. "Нарктоо" клубунун тарбиялануучусу, машыктыруучусу — Марс Калбаев. Каймана аты — "Титан".

  • 23:30

    Илимбек Токтогуловдун машыктыруучусу ага белек иретинде Honda Accord унаасынын ачкычын тапшырды.

  • 23:29

    Бешинчи раунд аяктады. 2:1 эсеби менен Илимбек Токтогулов жеңүүчүу деп табылып, WEF ProFight чемпиону наамын коргоп калды.

  • 23:05

    Экинчи раунд аяктады. Чемпиондук кур учун кармаш беш раундга чейин созулат.

  • 22:58

    Биринчи раунд аяктады. Мушкерлердин кармашы элдин бүйүрүн кызытууда, жарымы Саякбаевге, жарымы Токтогуловго жан тартып жатат.

  • 22:50

    Эки спортчу тен кыргызстандык. Ошентсе да күйөрмандар ар башка. Мыктылар октагондун ичинде аныкталмакчы.

  • 22:48

    Кеченин эң маанилүү беттештерине старт берилди

    Кыргызстандык Илимбек Токтогулов мекендеши Ринат Саякбаевге каршы WEF ProfFight наамын коргоо үчүн чакырылды. 

    Илимбек Токтогулов — WEF PROFFIGHT наамынын ээси. ММА боюнча профессионалдуу беттеште 6 ирет утуп, эки ирет утулган. "Лига" клубунун тарбиялануучусу, машыктыруучусу — Түгөлбай Арабай уулу.

    Ринат Саякбаев — ММА боюнча Азия чемпиону, казактардын "Жекпе-жек", "Алаш-Прайд" мелдешинин жеңүүчүсү, WEF PROFFIGHT 6,7,8,9,14 жана  WEF GLOBAL 6,9,10,11 турнирлеринин жеңүүчүсү. Тарбияланган клубу — Pride team. Каймана аты — "Рико".

  • 22:42

    Актилек — жеңүүчү!

    Актилек, жениш кут болсун! Биринчи раундда атаандашын нокаут менен утту.

  • 22:40

    Актилек Жумабек уулу табында! Сол буту менен атаандашына түрдүү сокку узатып, айласын алты кетирүүдө.

  • 22:36

    Нурсултан Ирисбай уулуна ийгилик ташы ооду

    Мушкер биринчи рауннда нокаут менен утушка ээ болду.

  • 22:36

    Ал арада Өзбекстандын белгилүү мушкери Нурсултан Рузибоев октагонго чыгып Алтынбек Мамашовду куч сынашууга чакырды. Мамашов кайрадан октагонго кайтып келип мурда эле One FC уюму менен келишим тузуп алганын айтып, эгерде One FC өзүнө атаандаш катары Рузибоевди коюп берсе дароо макул болорун билдирди.

  • 22:35

    Дагы бир кызыктуу беттеш! "Алгыр" каймана аты менен таанымал Актилек Жумабек уулу менен казак мушкери Ренат Эмилбеков чакырылды. Мушкерлер 77 салмакта куч сынашат. 

    Ренат Эмилбеков — эркин күрөш боюнча спорт чебери, ММА боюнча дүйнө кубогунун ээси. Тарбияланган клубу — "ГОР.ММА", каймана аты — "Мангуст". 

    Актилек Жумабек уулу — ММА боюнча Азия чемпиону, NAGA грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону, WEF GLOBAL турниринин чемпиону. ММА боюнча профессионалдар арасында 6 ирет утуп, төрт ирет жеңилген. Тарбияланган клубу — "Боец", машыктыруучусу — Эмил Токтогонов. Каймана аты — "Алгыр".

  • 22:34

    Сегиз бурчтукта 77 килограмм салмактагы мушкерлер чыкты

    Далес Далерудинов — дзюдо, грэпплинг боюнча Тажикстандын чемпиону. ММА боюнча профессионалдар арасында эки беттешти уткан. 

    Ал эми кыргызстандык  Нурсултан Ирисбай уулу — Вале-Тудо, ММА боюнча КР чемпиону, грэпплинг боюнча Азия чемпиону, WEF SELECTION курунун ээси, WEF PROFFIGHT 2,3,4,5,6 жана WEF GLOBAL 7 мелдештеринин жеңүүчүсү.  Машыктыруучусу — Кылыч Сапаров, каймана аты — "Бөрү".

  • 22:17

    Ай, азамат! Мамашев кармаштын экинчи раундунда атаандашын муунтуу ыкмасы менен жер каратты.

  • 22:20

    Ганиев дароо ыкчам чабуулга өтүп, атаандашына хай-кик (бут менен тебуу) ыкмаларын колдонуп жатат. Мамашев олуттуу каламдарга бара элек, кыязы чарчатайын деген оюу бардай.

  • 22:04

    77 килограмм салмак чениндеги мушкерлердин кармашы

    Октагонго кыргызстандык Алтынбек Мамашев менен өзбекстандык Шерзод Ганиев чакырылды. 

    Алтынбек Мамашов — ММА боюнча профессионалдар арасында 10 жолу жеңишке жеткен, аралаш мушташ, эркин күрөш боюнча спорт чебери. Тарбияланган клубу — "Патриот Ош", машыктыруучусу — Кылычбек Саркарбаев. Каймана аты — "Золотой".    

    Шерзод Ганиев — ММА боюнча 4 беттештин жеңүүчүсү. Тарбияланган клубу — "Ахмат Өзбекстан", машыктыруучусу — Надыр Кадыров.

  • 22:03

    Залдагы элдин саны калыңдай эле түштү. Себеби алдыда эрендердин эң мыкты кармаштары каралган.

  • 21:56

    Бостон Анарбаев — жеңүүчү

    Кыл чайнашып, тер агызган кармаш аяктады!  2:1 эсебинде кыргызстандык Бостон Анарбаев жеңүүчү деп табылды. Мушкерлер уч раунд иштеп, убактылары бүткөндө гана токтошту.

  • 21:47

    Экинчи раунд аяктады

    Экинчи раунд аяктады. Спортчулар бири-бирине алдырбай, өтө сак. Ооба, бул профессионалдар арасындагы беттеш.

  • 21:44

    Мушкерлер тек гана партер абалында беттешүүдө.

  • 21:40

    Калыс россиялык мушкерге атаандашынын чолок шымы менен торду кармаганы учун эскертуу берип, бир упайын кемитти. Учурда биринчи раунд аяктады.

  • 21:33

    Кезек 61 кг салмак ченинде

    Сегиз бурчтукка 61 килограмм салмак чендеги кыргызстандык Бостон Анарбаев менен россиялык мушкер Артур Абдуризаев чакырылды. 

    Бостон Анарбаев - самбо, панкратион боюнча спорт чебери. Тарбияланган клубу - "Ихлас".

    Артур Абдуризаев — күжүрмөн самбо боюнча Дагестандын чемпиону, аралаш мушташ боюнча эки кармаштын чемпиону, эркин күрөш боюнча спорт чебери.

  • 21:28

    Бекболот Абдылда уулун күчтүү мушкер катары сыпатташат. Бирок кара күчкө салып, тактикасы дээрлик жок дешет.

  • 21:27

    Оо, накта жигит! Бекболот Абдылда уулу атаандашын бетке тээп, нокаутка кетирип салды.

  • 21:25

    Бекболот Абдылда уулу менен Билал Бабаджанов чакырылды

    71 килограмм салмак чениндегилерге кезек берилип, торго кыргызстандык Бекболот Абдылда уулу менен Билал Бабаджанов чакырылды. Абдылда уулу — ММА боюнча профессионалдар арасында тогуз беттеште жеңишке жетип, эки ирет утулган. Тарбияланган клубу — "Патриот Ош", машыктыруучусу — Кылыч Саркарбаев. Каймана аты — "Жырткыч". 

    Билал Бабаджанов — грэпплинг боюнча Тажикстандын чемпиону, эрежесиз уруш боюнча эки турнирдин жеңүүчүсү.

  • 21:25

    Никарамазанов утту!

    Оо, азамат, азамат!  Эн оор кармашуудан кийин Никарамазанов экинчи раундда атаандашын техникалык нокаут менен утту. Көрүүчүлөр муштумдун да, күрөштүн да мыкты ыкмаларын көрө алды.

  • 21:08

    Беттештен алынган ирмемдер

    Бойцы ММА на международном чемпионате по кулатуу WEF Global 12 во Дворце спорта имени Кожомкула в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Бойцы ММА на международном чемпионате по кулатуу WEF Global 12 во Дворце спорта имени Кожомкула в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Бойцы ММА на международном чемпионате по кулатуу WEF Global 12 во Дворце спорта имени Кожомкула в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Бойцы ММА на международном чемпионате по кулатуу WEF Global 12 во Дворце спорта имени Кожомкула в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Бойцы ММА на международном чемпионате по кулатуу WEF Global 12 во Дворце спорта имени Кожомкула в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 21:04

    Кызыктуу беттеш башталды

    84 килограмм салмак ченинде кыргызстандык Рамазан Никарамазанов менен казакстандык Бабыр Рахманов күч сынашмай болду.

    Никарамазанов ММА жана кикбокс боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, WEF GLOBAL 2,5,6,10 турнирлеринин жеңүүчүсү. Тарбияланган клубу — "Боец", машыктыруучусу — Эмиль  Токтогонов. Каймана аты — "Смерч". 

    Ал эми Бабыр Рахманов  — кикбокс, ММА боюнча спорт чебери.

  • 20:54

    Ислам Абасов жеңди

    Күч атасын тааныбайт! Ислам Абасов 10 секундда атаандашын нокаутка кетирди.

  • 20:49

    Бул турнирде алптардын кармашы көп болчудай. Торго казакстандык Станислав Жук (93+) менен россиялык мушкер Ислам Абасов келди. 

    Жук Станислав — ММА SABA FIGHT эл аралык турниринин жеңүүчүсү. Тарбияланган клубу — "107 CLUB", машыктыруучусу — Игорь Кустинов. 

    Ислам Абасов — бокс боюнча Дагенстандын чемпиону. Тарбияланган клубу — MONARCHY MMA, машыктыруучусу — Джонатан Клемонс.

  • 20:49

    WEF өткөргөн турнирлердин жыйынтыгы дүйнөлүк Sherdog http://www.sherdog.com/ порталына катталып турат. Учурда тизмедеги алдыңкы кыргыз мушкерлеринин рейтинги 10-12 болсо, ортончу мушкердики 6-5 болуп турат.

    Бойцы ММА на международном чемпионате по кулатуу WEF Global 12 во Дворце спорта имени Кожомкула в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 20:45

    Кызыл байрак берилди!

    Азамат, Нургазы! Атаандашы Фахридин Мардиевди биринчи раундда техникалык нокаутка учуратты. Азаматтын достору октогонго кыргыз желегин алпарып беришти.

    Кыргызстанский боец ММА после победы на международном турнире по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 20:40

    Мушкерлердин багын ачкан WEF федерациясынын тарых-таржымалы менен таанышып алсаңыздар болот

    WEF (World Ertaymash Federation) уюму өткөзгөн таймаш. Архивдик сүрөт

    Мушкерлердин багын ачкан WEF федерациясынын тарых-таржымалы

    22-ноябрда Борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында "WEF Global-10: Улуу жибек жолунун аскерлери" аталышындагы эл аралык ири турнир өтөт.
    Дагы
  • 20:36

    Беттешке Балтабаев менен Мардиев чакырылды

    Эрендердин эр таймашына 71 салмак категориясында Нургазы Балтабаев менен өзбек спортчусу Фахридин Мардиев чакырылды. 

    Нургазы Балтабаев — "Жекпе Жек" жана WEF турнирлеринин жеңүүчүсү. Тарбияланган клубу "Боец", машыктыруучусу — Эмил Токтогонов. 

    Фахриддин Мардиев — универсиалдуу кармаш боюнча Азиянын чемпиону. Тарбияланган клубу — "ПРОФ Файтер".

  • 20:34

    Жеңишке жеткен Сухроб Рахимбеков бир кезде кыргыз мушкери Нурлан Токтобакиевге утулуп калганын айтып, WEF уюмунан реванш беттеш уюштуруп берүүнү суранды.

  • 20:34

    Абылкасым Якубов утулуп калды

    Тилекке каршы, Абылкасым элдин ишенимин актай алган жок. Атаандашына 2:0 эсебинде жениш ыйгарылды.

  • 20:29

    Залдагылар нааразычылык иретинде октагондун ичине  кадимки ширенин бөтөлкөсүн ыргытты эле, милиция элди тынчтандырып, реферини алмаштырды.

  • 20:23

    Экинчи раунд

    Мушкерлер али кимиси мыкты экендигин далилдей элек.

  • 20:19

    Биринчи раунд аяктады

    Залдагылар "Абу, (Абылкасым) активдүү кармаш!" деп жатышат.

  • 20:17

    Оор салмактагы мушкерлер мыкты беттеш көрсөтөт дечү эле, бул жолу активдүү иштеп, олуттуу ыкмаларды жасай элек.

  • 20:08

    Кайрадан оор салмактагылардын кармашы

    Октагонго кыргыз мушкери  Абылкасым Якубов (93 кг) менен өзбек мушкери Сухроб Рахимбеков келди. 

    Абылкасым Якубов — күжүрмөн самбо боюнча КР чемпиону, аралаш мушташ боюнча алты беттешти жеңген. Тарбияланган клубу — "Патриот Ош", машыктыруучусу — Кылыч Саркарбаев.

    Сухроб Рахимбеков — "Алаш прайд" мушкерлер уюмунун чемпиону, күжүрмөн самбо боюнча Өзбекстандын чемпиону. Тарбияланган клубу — "Ахмат Өзбекстан", машыктыруучусу — Надыр Кадыров.

  • 20:03

    Улан Эмилбеков менен Шамил Жабраилов беттешке чакырылды

    66 салмак чениндеги Улан Эмилбеков менен казак мушкери Шамил Жабраилов беттешке чакырылды. Улан Эмилбеков — ММА боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Тарбияланган клубу— PRIDE TEAM, машыктыруучусу — Чыңгыз Изабеков.

    Жабраилов - панкратион, самбо, ММА боюнча Казакстандын спорт чебери.


  • 19:58

    Осман Абдулазизов жеңди

    Осман Абдулазизов атаандашын биринчи раундда колду кайруу ыкмасы менен жеңди. Негизи эле кыргыз мушкерлери бул турнирде сабмишн (кайруу, толгоо — ред.) ыкмасын көп колдонуп жатышат.  

    Кайрадан алптардын кармашына орун берилди. Кыргызстандык Осман Абдулазизов (93 кг) өзбекстандык Жонибек Тураев менен беттешмей болду. 

  • 19:53

    Осман Абдулазизов — ММА боюнча Азия чемпиону. ММА боюнча үч турнирдин жеңүүчүсү. Тарбияланган клубу — "Горец", машыктыруучусу — Рамазан Никарамазанов. 

    Жонибек Тураев — самбо боюнча Өзбекстандын чемпиону, аралаш мушташ боюнча мелдештин жеңүүчүсү. Тарбияланган клубу — ПРОФФ Файт, машыктыруучусу — Хуснидин Мардиев.

  • 19:41

    Оп, бали! Кыргызстандык Курманалиев экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен каршылашын жеңип алды.

  • 19:28

    Барчынай салам жолдоду

    Барчынай: салам алейкум, кыргыз элим! Бул жеңишимди апама арнайм! Машыктыруучуларым менен уюштуруучуларга алкыш!

    Бойцы ММА на международном чемпионате по кулатуу WEF Global 12 во Дворце спорта имени Кожомкула в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Бойцы ММА на международном чемпионате по кулатуу WEF Global 12 во Дворце спорта имени Кожомкула в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 19:33

    Дагы бир кыргыз мушкери Нурлан Курманалиев өзбек каршылашы Валишер Рахмонов менен сегиз бурчтукка чакырылды. 66 килограмм салмак ченинде күч сынашышат.  

    Нурлан Курманалиев — Панкратион боюнча Азия чемпиону, грэппинг боюнча дүйнөнүн күмүш медаль ээси. ММА боюнча профессионалдар арасында жети ирет уткан. Тарбияланган клубу —"PRIDE TEAM", машыктыруучусу Чыңгыз Изабеков. Каймана аты "Ахилесс". 

    Атаандашы Валишер Рахманов — кол таймашы (рукопашный бой) боюнча Өзбекстандын чемпиону. Аралаш мушташ боюнча алты мелдештин жеңүүчүсү. Тарбияланган клубу "Ахмат Өзбекстан", машыктыруучусу — Надыр Кадыров. 


    Оп, бали! Кыргызстандык Курманалиев экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен каршылашын жеңип алды. 

  • 19:24

    Ура! Кыргызстандык мушкер Барчынай жеңди!

    Кубанган күйөрмандардын сүрөөнүнөн зал жарылып кете жаздады го, чиркин. Атаандашы экинчи раундда кол кайруу ыкмасына алдырып койду. 

    Кыргызстанский боец ММА Барчынай Узгенбаева после победы на международном турнире по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 19:21

    Барчынай атаандашын муунтууга аракет кылууда, бирок каршылашы моюн бербей жатат.

  • 19:20

    Экинчи раунд старт алды!

  • 19:20

    Биринчи раунд аяктады! Мелдеште үч раунд берилип, ар биринде бир мүнөттөн эс алышат.

  • 19:18

    Барчынай атаандашынынын үстүндө, бирок, кандайдыр бир олуттуу кадамдарга бара элек.

  • 19:18

    Мушкерлер партер абалында иштөөдө. Барчынай атаандашына кайруу толгоо ыкмасын колдонууда. Кантсе да грэпплинг чебери эмеспи.

  • 19:17

    Беттеш башталды! Кыздардын беттеши эмеспи, залдагылар ордунан тура калып сүрөп жатышат.

  • 19:15

    Барчынай Узгенбаева буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип, ийгиликтери тууралуу кененирээк айтып берген.

    Спортчу Барчынай Узгенбаева

    Мушкер Барчынай: кыздар менен чабышканды спортко келгенде токтоттум

    Сентябрь айынын башында Астана шаарында өткөн грэпплинг боюнча Азия биринчилигинде өлкө атынан 14 спортчу катышып, жыйынтыгында он медаль утуп, эки спортчу чемпион аталган.
    Дагы
  • 19:12

    Биринчи жолу WEF уюмунун Global лигасында кыздардын беттеши!

    Элдин дүркүрөгөн сүрөөнү менен кыргыз мушкери Барчынай Узгенбаева (61 килограмм) өзбек кызы Шахида Рахимова менен чыгып келе жатат. 

    Барчынай Узгенбаева — грэпплинг боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, Панкратион боюнча КРдин чемпиону. ММА боюнча бир беттештин жеңүүчүсү. Тарбияланган клубу — Fighter KG, машыктыруучусу Кенжебек Чекиров. Каймана аты — Багира. 22 жашта. 

    Атаандашы Шахида Рахимова — кол таймашы (рукопашный бой. — ред.) боюнча Азия чемпиону, ММА боюнча бир беттештин жеңүүчүсү. 26 жашта.


  • 19:07

    Ийгилик Баходурзодага ооду. Атаандашын биринчи раундда колду кайруу ыкмасы менен утуп алды. 

  • 19:05

    Алптар бири-бирин дүңкүлдөтө уруп жатат. 

  • 18:59

    Өзбек мушкери Азамат Баходурзода (130 кг) менен казак мушкери Надырбек Расулов  (120 кг) торго чакырылды.

  • 18:54

    Ай-ай-ай, кап! Тилекке каршы, кыргызстандык мушкер мелдештин сегизинчи секундасында эле утулуп калды. Атаандашы тээп кулатып, нокаут менен жеңишке жетти!

  • 18:51

    Мушкерлер желектерин кармап, музыканын коштоосунда чыгып келе жатат. Элдин эмоциясына чек жок!

  • 18:48

    Оор салмактагылардын эрөөлү! Октагонго кыргыз мушкери Шаип Азизбеков менен өзбек мушкери Илез Камалов чыкты. Салмактары 93 килограммдан өйдө. 

    Шаип Азисбеков — күжүрмөн самбо боюнча КРдин чемпионатынын коло медаль ээси, ММА боюнча бир беттеш өткөргөн. Тарбияланган клубу — "Рамазан", машыктыруучусу — Сталбек Атамбаев. 

    Атаандашы Илез Камалов — кол таймашы (рукопашный бой. — ред.) боюнча Азия чемпиону. Аралаш мушташ боюнча турнирдин жеңүүчүсү.

     

  • 18:43

    Атамбаев утулуп калды

    Тилекке каршы, кыргызстандык мушкер Сталбек Атамбаев биринчи раундда атаандашынын соккусунан жеңилип калды. Техникалык нокаут!

  • 18:40

    Ушу тапта эки мушкер тең күрөштөн жакшы болгондуктан партер абалында иштеп жатышат.

  • 18:39

    Федерациянын айтымында, Global лигасы боюнча чемпиондук кур ойнотулбайт. Бирок кыргызстандык Илимбек Токтогулов 71 килограмм салмакта мекендеши Ринат Саякбаевге каршы чыгып, WEF ProfFight наамын коргойт. 

    WEF Global 12 турниринде Орто Азиянын жана Россиянын профессионал мушкерлери күч сынашмакчы. 

  • 18:37

    Учурда залдагы көрүүчүлөрдүн саны 40 пайыздай. 

  • 18:37

    Эл аралык класстагы калыс Садык Аширов мушкерлерге беттешти баштоого буйрук берди. 

  • 18:36

    Сегиз бурчтукка биринчи мушкерлер чакырылды. Алар 77 килограмм салмак ченинде кыргыз мушкери Баяман Үмөталиев менен өзбек спортчусу Кодирхан Гозихонов. 

    Баяман Үмөталиев — грэпплинг боюнча КРдин чемпиону, ММА боюнча бир мелдештин жеңүүчүсү. Тарбиялаган клубу — "Рамазан", машыктыруучусу Сталбек Атамбаев. 

    Кодирхон Гозихонов — кол таймашы (рукопашный бой. — ред.) боюнча Өзбекстандын чемпиону. ММА боюнча эки мелдешти уткан.  Тарбияланган клубу — "Ахмат Өзбекстан", машыктыруучусу — Надыр Кадыров.

    Учурда залдагы коруучулордун саны 40 пайыздай. Бул коркунучтуу деле эмес. Себеби турнирдин аягында эн мыкты беттештер каралган.

  • 18:35

    Болжолдуу беттештер башталды

    Рефери Кайрат Мусаев калыстар тобун тааныштырууда. Алар октагондун капталындагы жана ортосундагы реферилер.

live
Эрендердин эрөөлү: WEF Global 12 турниринин жүрүшү
+
1709
Белгилер:
кулатуу, федерация, мушташ, Тилек Жээнбеков, Бишкек
Тема боюнча
Жээнбековго тике караган Тамбе, чырайлуу мушкер Барчынай. WEF жыйынынан ирмем
Токтогонов: Шевченко WEF мушкерлеринин UFC турнирине чыгуусуна көмөктөшүп жатат
Узгенбаева WEF Global турнириндеги кыздардын алгачкы беттешине чыгат