БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Канат Бегалиев Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп шайланганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Мындай чечим 12-майда КРдин грек-рим күрөшү боюнча чемпионатынан кийинки жыйында кабыл алынган.
Маалыматка ылайык, буга чейин аталган кызматты экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу ээлеп келген.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 15-16-февраль күндөрү Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бюро менен биргеликте атайын операция өткөргөн. Анын алкагында бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун сегиз мүчөсү жок кылынып, кармалгандардын ичинде Кыргызстандын үч жараны бар экени аныкталган. Алардын арасындагы ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экенин коңшу өлкөнүн ИИМи айтып чыккан.
Кыргызстандын БШКсы Казакстандын органдарына сурам жөнөтүп, анын кош жарандуулугун тактаган. Натыйжада Асылбек уулу мандатынан ажыратылган.
Бир учурда эки дивизиондун чемпиону болгон Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин реванш беттеши мелдештин эң башкы кармашы болду. Жеңил салмакта Майкл Ченлер менен Дэн Хукердин кармашы да көрүүчүлөргө өзүнчө кызык тартуулады.
Порье беттештин экинчи раундунда атаандашы Макгрегорду нокаутка сулатып, мөөнөтүнөн мурда утту. Бул ирландиялык мушкердин ММА спортундагы карьерасында биринчи бүк түшүүсү болду.
Турнирде Bellator уюмунун экс-чемпиону Майкл Чендлердин бет ачар таймашы ийгиликтүү аяктады. Ал экинчи башкы беттеш деп саналган кармашта Дэн Хукерди биринчи эле раундда нокаутка кетирип утуп алды.
Россиялык мушкер Арман Царукян америкалык Мэтт Фревол менен таймашып, калыстардын бир добуштан берген чечими менен утуп алды.
Баштапкы карддын алкагында октагонго дагы бир россиялык атлет Мовсар Евлоев чыгып, америкалык Ник Ленц менен кармашты. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылды.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Келерки аптада Азия футбол Конфедерация (АФК) кубогу мелдешинин тайпалык туруна чүчү кулак тартылат. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол союзу билдирди.
Мелдешке Кыргызстандын чемпиону “Дордой” жана өлкө кубогунун жеңүүчүсү “Алай” клубдары катышат. 27-январда мелдештин тайпалык этабына чүчү кулак тартылып, ата мекендик командалардын атаандаштары аныкталат.
АФК кубогу быйыл жаңыланган форматта өтүп, тандоо оюндары болбойт.
Катышуучу командалар мурдагыдан өзгөчөлөнүп турат. Мелдешке Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын өкүлдөрүнөн сырткары Борбордук Азия зонасында Өзбекстандын командасы да ойнойт.Мелдеш тайпалык этаптан башталат. Ага катышкан жети команда эки тайпага бөлүнөт. Тайпанын жеңүүчүлөрү чөлкөмдүн финалында ойнойт.
Кыргызстандын чемпиону “Дордой” экинчи себетке, ал эми кубоктун жеңүүсү “Алай” төртүнчүгө жайгаштырылат.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кечээ, 24-январда, Ысык-Көл облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Жол кырсыгы Каракол — Бишкек унаа жолунда, Түп районундагы Күрмөнтү айылынан анча алыс эмес жерде болгон.
"Mercedes-Benz Sprinter жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Анын ичинде айдоочу жана 17 жүргүнчү болгон. Кырсыктын кесепетинен бир аял көз жумду”, — деп айтылат маалыматта.
Жаракат алган жети киши тийиштүү жардам алып жатат. Алардын арасындагы алты жаштагы бала реанимацияда болсо, калгандары палатада.